Өзбекстандан Баткенге гумжардам катары 6 млн сомдук медициналык каражаттар келди

Өзбекстандын Фергана облусунан Баткен облусуна 7-июлда медициналык шаймандардан турган гуманитардык жардам келди. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Сүрөт: Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Пресс-релизге ылайык, коңшү өлкө баасы 6 млн 300 миң сомду түзгөн медициналык каражаттарды жиберген – анын ичинде ооруну аныктоочу лабораториялык шаймандар жана коргонуучу каражаттар бар.

Өзбекстан буга чейин да бир катар гуманитардык жардамдарды жиберген – март айында аталган облустун дарыгерлерине 500 коргонуучу костюм, ал эми май айында Ош шаарына баасы 248 миң долларды түзгөн медициналык каражаттарды түзгөн гуманитардык жардам келген.

Июнь айынан тарта Кыргызстанда коронавирус кескин жайыла баштады. Аны менен катар эле пневомония менен ооруп калгандар да көп катталууда. Буга байланыштуу ооруканаларда орун жетишпей, медиктер жардам көрсөтүүгө үлгүрбөй жатышат. Өлкө боюнча кошумча орундар түзүлүүдө жана пандемия менен күрөшүүгө медицина кызматкерлери чакырылууда.

Баткен облусунда 7-июлга карата коронавирус жуктургандардын саны 172ге жетти – алардын 48и айыгып, бир киши каза болгон.

Ал эми өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал оор бойдон калууда – коронавирус жуктургандардын жалпы саны 8141ге жетти. Ошондой эле пневмония оорусу да күч алууда – март айынан бери илдеттен каза болгондордун саны 224тү түздү.

Ун, коргонуу костюмдары, экспресс-тест. Өзбекстан Кыргызстанга гуманитардык жардам жөнөттү