Өлкөдө COVID-19дун 232 жаңы учуру катталып, төрт киши каза болду

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 19-декабрда өлкөдө коронавирустун 232 жаңы учуру катталганын маалымдады. COVID-19ду жуктургандардын арасында төрт медицина кызматкери бар.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаары — 67 (эки медкызматкер);

Чүй облусу — 59;

Ысык-Көл облусу — 47 (бир медкызматкер);

Ош облусу — 16;

Баткен облусу — 15;

Жалал-Абад облусу — 14;

Нарын облусу —5;

Талас облусу — 5 (бир медкызматкер);

Ош шаары — 4.

Ошондой эле акыркы суткада коронавирустан 408 бейтап айыкты. Айыккандардын арасында 12 медик бар.

Коронавирустан Чүй облусунда — 135, Бишкек шаарында — 115, Ош шаарында — 15, Жалал-Абад облусунда — 34, Ысык-Көл облусунда — 42, Ош облусунда — 27, Баткен облусунда — 21, Талас облусунда — 11 жана Нарын облусунда сегиз бейтап айыгып, ооруканадан чыкты.

Мындан сырткары, коронавирус Бишкек шаарында жана Баткен облусунда бирден, Ош облусунда эки бейтаптын өмүрүн алды.

Пандемия башталгандан бери өлкөдө коронавирус 78 911 адамга жукту . Анын ичинен 72 459 бейтап айыгып, 1 328 киши көз жумду.

Учурда 1 694 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат — алардын ичинен 85 киши өтө оор абалда. Ошондой эле 2 551 адам үй шартында дарыланууда.


Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.