Бишкек: Үйдөгү меш жарылып, беш баланын энеси каза болду

Бишкекте 19-декабрдын түнү үйдөгү меш жарылып, андан жаракат алган аял ошол эле күнү көз жумган. Бул тууралуу Бишкек травматология борборунун басма сөз кызматы билдирди. Маркум 34 жашта болчу.

Врачтар анын денесинин 55 пайызы күйүп калганын аныкташкан. Андан сырткары мээсине доо кетип, баш сөөгү жабыркаган.

«Күйөөсү менен 13 жаштагы уулунун абалы орто», — деп билдирди күйүк оорулар бөлүмүнүн башчысы Кандөөлөт Сарбанов.

Бишкек улуттук травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун маалыматында, жабыркагандардын төрт баласы №3 шаардык клиникалык ооруканада. Газга ууланган балдардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда.

19-декабрда түнкү саат 1:40та жеке үйлөрдүн биринде меш жарылган. Натыйжада бир үй-бүлөнүн жети мүчөсү жабыркаган. Аял менен күйөөсү жана алардын 13 жаштагы уулу травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна, калган төрт наристе үчүнчү шаардык ооруканага жеткирилген.