«Бишкек жашыл чарбанын» жетекчиси өз каалоосу менен кызматтан кетти

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы «Бишкек жашыл чарба» муниципалдык мекемесинин башчысы Элнура Жолдошева кызматтан кеткени тууралуу билдирди.

Ишканын басма сөз катчысы Аида Айдаралиева «Клоопко» кабарлагандай, Жолдошева кызматынан өз каалоосу менен кеткен. Азырынча Айдаралиеванын кызматтан кетүүсүнө так эмне себеп болгону айтыла элек.

Мэрия «Бишкек жашыл чарбанын» директорунун милдетин Жолдошеванын орун басары Айгүл Наватова убактылуу аркалай турганын кошумчалады. Тиешелүү буйруккка Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койгон.

Элнура Жолдошева «Бишкек жашыл чарба» мекемесин 2018-жылдын 1-октябрынан тарта жетектей баштаган, буга чейин ал ишкананын башкы агрономдук кызматын аркалаган.

Kaktus.Media басылмасынын маалыматына караганда, Жолдошеванын кызматтан кетүүсүнө Түлөбаевдин борбор калаадагы эмен дарактарын каптаган зыянкечтер менен күрөшүү ишине сын айтканы себеп болушу мүмкүн. Бирок мекеме аткарылган иштер боюнча отчёт тапшырган болчу.

Балбак Түлөбаев калаа мэринин м.а. болуп бул кызматтан Азиз Суракматов кеткенден кийин дайындалган. Суракматов кызматынан парламенттик шайлоодон кийин орун алган саясий кризистин шартында кеткен.

Түлөбаев кызматка келгенден кийин мэрия бир топ кадр алмашуулар болгон — ал калаанын эки вице-мэрин, андан соң мэрдин кеңешчиси Гуля Алмамбетованы кызматтан алган. Ошол эле учурда кызматынан бошотулган вице-мэр Виктория Мозгачёва коркутуулардын айынан жумуштан кетүүгө мажбур болгонун айтып чыккан.2012-жылы Башкы прокуратура Түлөбаевге жана президенттин мурдагы иш башкармасы Курманбек Темирбековго Ататүрк паркында көп кабаттуу турак жай куруу ишине байланыштуу кылмыш ишин козгогон.

Сот аларды кызмат абалынан кыянат пайдаланган деп күнөөлүү таап, жүз миң сом айыпка жыгып, бир жыл аралыгында мамлекеттик кызматарда жетекчилик кызматтарга баруу укугунан ажыраткан.

Аны менен катар айыпталуучуларга мунапыс да колдонулуп, алар жазадан бошотулган.