БШК референдумга өлкөнүн башкаруу формасына байланыштуу эки үгүт тобун каттады

Борбордук шайлоо комиссиясы 21-декабрда өлкөдөгү башкаруу формасына байланыштуу референдум үчүн эки үгүт тобун каттады.

Парламенттик башкаруу формасы үчүн үгүт тобу каттоо күбөлүгүн алды. Аны парламенттин депутаты Дастан Бекешев жетектеди. Ал буга чейин референдумдан «эл гана уттурат» деп билдирип, бир нече жолу ага каршы чыккан.

Мындан тышкары, бюллетенде сунушталган президенттик жана парламенттик формаларга каршы болгон үгүт тобу дагы катталды. Аны жарандык активист жана «Реформа» партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Чынарбек Шабдан уулу жетектеди.

БШК буга чейин үгүт топторунун катталган мүчөлөрү гана башкаруу формасынын тигил же бул формасына агитация кыла алат деп түшүндүрмө берген.

Эки топ өз шайлоо фонддорун ачып, алар аркылуу жеке менчик ЖМКларда материалдарды жайгаштыруунун акысын төлөшү керек.

Референдумга башкаруу формасын тандоо боюнча суроо коюлат:

  • президенттик республика;
  • парламенттик республика;
  • бардык варианттарга каршы.

Референдумда же президенттик же парламенттик республика үчүн, же болбосо сунушталган эки вариантка тең каршы добуш берсе болот. Эгер бюллетень бош калтырылса же 1ден ашык пункт белгиленсе, ал жараксыз деп табылат.

Башкаруу формасы боюнча референдум

Кезексиз президенттик шайлоо менен башкаруу формасын тандоо боюнча референдум 2021-жылдын 10-январында бир күндө өтөт өтөт.

Башкаруу формасын аныктоого багытталган референдум өткөрүү мыйзамын парламент 10-декабрда, дароо үч окууда жактырган. Мыйзам долбооруна макул деп алтымыш депутат добуш берген. Ага болгону төрт каршы добуш берген — Дастан Бекешев, Наталья Никитенко, Айсулуу Мамашева жана Каныбек Иманалиев.

«Жарандык платформа» коомдук фонду мыйзам долбоорунун ченемдерин жана аталган мыйзам долбоорунун бир катар документтерин талдап чыгып, «одоно бузууларды» аныктаган.

«Жүргүзүлгөн анализ көрсөткөндөй, референдумду дайындоо тууралуу демилгеленген мыйзамдын долбоору (аны кезексиз президенттик шайлоо менен бирге өткөрүү), Жогорку Кеңеш тарабынан Конституцияны, “КРдин өкмөтү тууралуу” конституциялык мыйзамды, КРдин “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамдарын жана “КРдин Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө” мыйзамын одоно бузуу менен каралып жана кабыл алынып жатат», — деп жыйынтыкташты фонддон.

Кыргызстандыктар парламенттик же президенттик башкаруу формасын тандап, же «баарына каршы» деген вариантка добуш бериши керек.

Референдум —Жапаровдун 6-октябрда тарапташтары тарабынан колониядан бошонгондон кийинки өзүн колдогондорго берген убадаларынын бири.

Юристтер жана көз карандысыз байкоочулар референдумду дайындоодо көптөгөн мыйзам бузуулар орун алганын айтып чыгышкан. Алардын ою боюнча, аны жалгыз демилгелеген алтынчы чакырылыштын депутаты Акылбек Жапаров Конституцияны бузду жана анда бул долбоорду чыгарууга да ыйгарым укугу жок болчу.

Алар президенттик шайлоо менен референдумдун бир күндө өтүшүнө макул эмес. Алардын пикиринде, кыргызстандыктар талапкерлердин шайлоо алдындагы программасы менен таанышып, референдумга коюлган суроолорду талдап чыгууга үлгүрбөйт.

Ал эми Жапаров акча үнөмдөп калуу үчүн референдум менен президенттик шайлоону бир күндө өткөрүүнү сунуштаганын билдирген. Ал толкундоолордон кийин өлкө жарандарын ушул маселе тынчсыздандырат деп эсептейт.