Депутат Жумалиевден 20 миң доллар опузалоого шектелген жаран үй камагына чыкты

Кубанычбек Жумалиевдин кызыкчылыгын коргогон адвокат Бактыбек Жумашев депутаттан 20 миң доллар опузалоого шектелген жаран үй камагына чыкканын кабарлады.

Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы сот шектүүнүн баш коргоо чарасын соттук өндүрүшкө чейин үй камагында калтыруу деп тапканын тактады. Башкача айтканда, 2021-жылдын 20-февралына чейин.

Акча опузалоого шектелген бала. Сүрөт: Бишкектин Биринчи май РИИБи

«Биз сөзсүз даттанып, прокуратура Бишкек шардык сотко аппеляциялык сунуш киргизүүсүн талап кылабыз. Мындай кылмышкер эркиндикте жүрбөш керек, анткени ал башка адамдардан акча опузалап уланта бериши мүмкүн. Анын башка кылмыштарга да тийиштиги текшерилген жок», — деди Жумашев.

Анын айтымында, 21-декабрда Биринчи май райсотунун судьясы Нурдин Ибраимов шектүүнүн «өздүгүн жетиштүү тактабай туруп» эркиндикке чыгарган.

Адвокат опузалоого шектелген адамдын «белдүү таанышы» бар, ал судьяга кысым көрсөткөн деп эсептейт. Ал пикирин ушундай эле кылмышка шектелген «жөнөкөй» кылмышкерди адатта эч бир сот үй камагына чыгарбагандыгы менен түшүндүрөт.

Опузалоо окуясы

Мурдараак Биринчи май РИИБинин басма сөз кызматы өзүн финполдун кызматкеримин деп тааныштарган 24 жаштагы жигит депутат Кубанычбек Жумалиевден 20 миң доллар опузалаганын маалымдаган. Жумалиев бул окуя боюнча арыз менен 5-декабрда милицияга кайрылган. ИИБдин маалыматына караганда, жаш жигит Жумалиевге карата козголгон кылмыш ишин жаап берүүнү убадалаган.

Шектүү жаран 20-декабрда 2 миң доллар алып жатканда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

«Шектүү жаран апасы менен чогуу жашарын жана убактылуу эч жакта иштеберин айтып берди. Ал кылмышка акча жоктугунан барган. Кармалган жарандын финполго эч кандай тиешеси жок экени аныкталды», — деп айтылат маалыматта.

Финполдон «Клооптун» журналистине билдиришкендей, кармалган адам ведомствонун кызматкери эмес. Ошондой эле, мекеме Жумалиевге карата тергөө уланып жатканын баса белгиледи.

Депутат Жумалиевге карата сотко чейинки тергөө иштери «Чоң Казат» кыймылынын мүчөсү Сыймык Жапыкеев финполдун жетекчиси болуп дайындалгандан кийин башталган. Жапыкеев Жумалиев 2,5 млрд доллларга чамалуу байлыгын күмөндүү жол менен жыйнаган деген пикирин буга чейин көп ирет айткан. Ошондой эле, депутаттын байлыгын текшерүүнү талап кылган.

Жапыкеев финполдун башчылыгына дайындалгандан кийин ведомствонун кызматкерлери депутаттын туугандарына таандык болгон «Гоин» жана «Таатан» соода борборлорунда, ошондой эле Маалымат технологиялар эл аралык университетинде тинтүү жүргүзүшкөн.

Кийинчерээк Жумалиев Жапыкеев ыйгарым укуктарынан аша чапканы үчүн аны сотко берерин билдирген.