«Шайлоодон четтебейм». Президенттикке талапкер Исаев басым болгонун четке какты

Президенттикке талапкер Канат Исаев «ал толук кандуу шайлоого катышпайт экен, сүйлөшүп алыптыр, кысымга чыдабай талапкерлигин формалдуу түрдө гана сактап калат экен» деген маалыматтар чындыкка жатпай турганын айтып, фейсбук барагы аркылуу видео кайрылуу жасады.

Буга чейин айрым ЖМКлар менен социалдык тармактарда дал ушундай маалыматтар тараган болчу.

«Эч кандай андай болгон жок, штабда анча-мынча өзгөрүүлөр болду, штаб толук кандуу ишин улантып жатат», — деди ал.

Исаев ошондой эле, үгүт иштерин жүргүзүүнү улантарын айтып, президенттикке талапкерлердин бири Каныбек Иманалиев менен чогуу Кочкор районуна барарын айтты.

Кыргызстанда 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо менен катар мамлекеттик башкаруу формасын аныктоочу референдум өтөт. Учурда президенттикке 18 талапкер ат салышууда.

Жакында эле БШК талапкерлердин үгүт иштерине короткон каражаттары тууралуу маалымат таратты. Анда бардык талапкерлердин ичинен Садыр Жапаров шайлоо кампаниясына эң көп акча — 44 млн сом жумшаганы баса көрсөтүлгөн. Өз кезегинде Жапаров үгүт иштерине кеткен каражатты карапайым эл менен жакын санаалаштары берип жатканын айтып, ишендирген.

БШКнын 18-декабрга карата берген маалыматы боюнча жалпысынан талапкерлердин эсебине дээрлик 92 миллион сом которулган, бирок бул каражаттын жарымынан көбү Жапаровго таандык. Анын эсебинде 47,4 млн сом бар, бул жалпы сумманын 52%ын түзөт.

Президенттикке жалгыз аял талапкер Клара Сооронкулова эң аз акча короткон. Анын эсебине 1 миллион сом түшүп, ал анын баарын сарптаган.

Жапаров акчаны кайдан алган

БШКнын маалыматы боюнча, Жапаров өзүнүн жеке каражатынан 15 миллион сомдон ашык акча бөлгөн. Анын эсебине ыктыярдуу адамдардан жана уюмдардан ар кандай жардам катары дагы 31 миллион сом которулган.

Үгүт иштери 15-декабрда башталган жана 9-январга чейин уланат. Бирок, президенттикке ат салышкандар талапкерлердин бири Садыр Жапаров тарабынан мыйзам бузуулар болуп жатканын айтышууда.