Башкы прокуратура: Мадумаровдун арызы боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы президенттикке талапкер Адахан Мадумаровдун Ысык-Көлдө үгүтчүлөрүнө коркутуулар болгондугу тууралуу арызынын негизинде сотко чейинки өндүрүш башталганын кабарлады.

«Бул факт КЖБРге “Ээнбаштык” беренеси менен катталган», — деп билдиришти прокуратурадан.

Мадумаровдун командасына коркутуулар

17-декабрда Боршайкомдун ыкчам чара көрүү боюнча координациялык тобуна «Азаттык» үналгысынын «Мадумаров Ысык-Көлдө өтчү үгүт иштери үзгүлтүккө учураганын билдирди» аттуу материалы келип түшкөн.

Анда президенттикке талапкер жана «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров КТРКнын эфиринде Ысык-Көл облусундагы штаб мүчөлөрүнө белгисиз адамдардан коркутуп-үркүтүүлөр келип жатканын айтканы тууралуу маалымат камтылган.

Ошондой эле материалдар Ички иштер министрлигине жана Башкы прокуратурага текшерүүгө жөнөтүлөрү айтылган.

Эртеси күнү вице-премьер-министр Максат Мамытканов Ысык-Көл облусунун жетекчилиги менен Адахан Мадумаровго байланышкан окуяны тууралуу сүйлөшкөнүн билдирген.

Анын айтымында, аймактын бийлиги эч кандай тоскоолдук болбогонун жана «ал өзү бул жакка келген эмес» деп билдиришкен. Мамытканов сапарда Мадумамаровду коштоп барууга дагы даяр экенин кошумчалаган.

«Тоскоолдук болбошу керек, талапкерлердин бардыгына бирдей шарт түзүлүүсү шарт. Эгер коркунуч болсо, анда коопсуздугун камсыздайбыз. Эгер ошончолук эле болуп жатса мага айтып койсун, чогу барам, жанында болом», — деген вице-премьер-министр.

Адахан Мадумаров президенттик шайлоодо ат салышуучу 18 талапкердин бири. Кезексиз президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген. Ошол эле күнү өлкөдө башкаруу формасын тандоо боюнча референдум өтөт — президенттик же парламенттик.