«Жанында болом». Мамытканов Мадумаровду Ысык-Көлгө коштоп барууга даяр

Шайлоо боюнча республикалык штабдын жетекчиси жана вице-премьер-министр Максат Мамытканов 18-декабрда Адахан Мадумаровдун жагдайына байланыштуу Ысык-Көл облусунун жетекчилиги менен сүйлөштү.

Анын айтымында, аймактын бийлиги эч кандай тоскоолдук болбогонун жана «ал өзү бул жакка келген эмес» деп билдиришкен. Мамытканов сапарда Мадумамаровду коштоп барууга дагы даяр экенин кошумчалады.

«Эгер Ысык-Көл облусуна баргысы келсе бара берсин. Алдын ала айтып койсун, тосуп алышат. Тоскоолдук болбошу керек, талапкерлердин бардыгына бирдей шарт түзүлүүсү шарт. Эгер коркунуч болсо, анда коопсуздугун камсыздайбыз. Эгер ошончолук эле болуп жатса мага айтып койсун, чогу барам, жанында болом», — деди вице-премьер-министр Караколдо журналисттерге.

17-декабрда президенттикке талапкер жана «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров КТРКнын эфиринде үгүт кампаниясын Ысык-Көл облусунан баштоону пландагын, бирок ага тоскоолдуктар жаратылганын кабарлаган.

«Жапайычылыктын чегине келдик, Мадумаровдун штабын түзүп жаткандар жалынып-жалбарып бизден суранышты. Алар мага "бизде жаштар пайда болду, “эгерде кимде ким бир жигиттен башка талапкерге чуркаганын көрсөк, барып үйүңөрдү өрттөйбүз” деген коркутуулар менен жүрөт" деп айтышты», — деген ал.

Кийинчерээк бул маалымат БШКга, ИИМге жана Башкы прокуратурага түшкөн.

Позже эта информация поступила в ЦИК, Министерство внутренних дел и Генеральную прокуратуру.

«Президенттикке талапкер Адахан Мадумаров КТРКнын эфириндеги кайрылуусунда Ысык-Көл облусундагы штаб мүчөлөрүнө белгисиз адамдардан коркутуп-үркүтүүлөр келип жатканын айтты», — деп билдирет БШК.

Мадумаров ушул тапта штабдын мүчөлөрү өздөрүнүн атынан милицияга арыз жазуу тууралуу маселени карап жатканын билдирген.

Мадумаровго карата басым

Мурдараак «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Садыр Жапаров басым кылып жатканын кабарлаган. Ал Москвадагы мигранттар менен жолугушуусунда тартылган видеону үгүттүн бар-жогуна текшертүүнүн артында Жапаров турат деп билдирген.

«Мени “Орусияда кыргызстандыктар менен жолугушуусунда үгүт иштерин жүргүзгөн” деген шылтоо менен мени президенттик жарыштан алып салуу аракетиңизди мен сиздин өзүңүзгө ишенбегени үчүн деп түшүндүм», — деп айткан болчу анда саясатчы.

Мындан сырткары Мадумаров Садыр Жапаров президенттик шайлоого барарын жарыялагандан кийин мамлекеттик бюджеттин эсебинен аймактарды кыдырып, түрдүү маселелерди чечүүгө убада бергенин» эске салган.

«Сиз журналисттерге маек курганда президенттик шайлоого барарыңызды айтып, аны кийинчерээк Кочкор районунда эл менен жолугушуу учурунда ырастадыңыз. Андан кийин аймактарды кыдырып, Баткенде аймакты өнүктүрүү жана чек ара маселелерин чечүүгө убада бердиңиз», — деп белгилеген Мадумаров Жапаровдун аймактарды кыдырганда берген убадаларына токтолуп.

«Бүтүн Кыргызстандын» лидеринин пикиринде, БШКнын мүчөлөрү президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун аракеттерине баа бериши керек. Мадумаров Конституция боюнча президенттин м.а. өлкө башчылык кызматы үчүн талапкер боло албайт деп кошумчалаган.