Депутаттар өкмөттүн үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жаатындагы ишин жетишсиз деп тапты

Жогорку Кеңештин 24-декабрдагы жыйынында өкмөттүн үй-бүлөдөгү зомбулукту көзөмөлдөө жана сактоого багытталган иштери жетишсиз деп бааланды. Жыйынга вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева баштаган өкмөт мүчөлөрү катышты.

Жыйындын жүрүшүндө депутат Махабат Мавлянова мамлекеттик кризистик борборлорду ачуу зарылчылыгын жана кризистик борборлорду күзөт менен камсыз кылуу маселесин көтөрдү.

Ал эми эл өкүлдөрү Гүлшат Асылбаева жана Бактыбек Турусбеков 13 жашар кызды зордуктаган адамдарга актоо өкүмүн чыгарган Тоң районунун соту менен судьяга жашы жете элек кызды зордуктагандарды актап чыгууга жол берген алгачкы текшерүүчүлөрдү жоопко тартуу маселесин айтып чыгышты.

*Контекст: Декабрдын башында Тоң райондук соту 13 жашар кызды жарым жыл бою зордуктоого шектелген үч кишинин экөөсүн актаган. Ал эми зордуктоого шектелгендердин бири 45 жаштагы жаран 7 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Бул ишти караган Тоң районунун сотунун судьясы Сабыр Соодонбековдун чечими коомдук резонанс жараткан. Соцтармак колдонуучулары судьяга карата кызматтык текшерүүнүн жүрүшүн талап кылган постторду тарата башташкан.

«Үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен жаш балдарга жана аялдарга жардам көрсөтүүчү чалуу-борборлорун ачып, маалыматтык кампания жүргүзүү керек», — деп билдирди Асылбаева.

Ал эми депутат Максат Сабиров балага жаракат алып келген учурларда ар бир тез жардам чакыруу милиционерлер менен коштолушу керек экенин белгиледи.

Депутат Аалы Карашев 2020-жылы 2019-жылга салыштырмалуу аялдарга жана балдарга карата зомбулук окуялары көп катталганын белгилеп, бул маселени комплекстүү кароону сунуштады. Анын ичинде аялдарга жана балдарга карата зомбулук фактыларын талдоо керек деп белгиледи.

Ал эми Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин төрайымы Наталья Никитенко укук коргоо органдары, көзөмөл жана сот органдарынын үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо тармагындагы иштери жетишсиз экенин айтты.

«Силердин ишиңерге нааразычылыктар көп», — деди ал.

Мындан тышкары, депутаттар жыйында корук кат берүү, үй-бүлөлүк зомбулук кылган адамдарды жоопкерчиликке тартуу боюнча материалдарды берүүгө зарыл аракеттерди кылуу керектиги тууралуу маселелерди көтөрүштү.

*Коргоо ордери — үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамга мамлекеттик коргоо берүүчү жана үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамга карата ушул «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо» жөнүндө мыйзамда аныкталган таасир этүү чараларын колдонууга алып келүүчү документ.

Үй-бүлөдөгу зомбулук жыл өткөн сайын көбөйүүдө

Жыл сайын Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук учурлары көп каттала баштады. Ошол эле учурда көптөгөн учурлар ачыкка чыкпай кала берет. Көбүнече аялдар милицияга кайрылбоону эп көрүп, агрессордун үстүнөн милицияга арызданышпайт. Буга көптөгөн себептер бар.

Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулукчуну реалдуу жоопко абдан кыйын — иштердин көбү административдик жоопкерчиликке алынып, ал жерде күнөөкөр күнөөкөр штраф же коомдук ишке тартылуу менен кутулуп кетет. Ошол эле кезде агрессор жоопко тартылбастыгын билип, үй-бүлөлүк зомбулугун уланта берет.

ИИМдин маалыматына караганда, 2020-жылдын акыркы 10 айында катталган үй-бүлөлүк зомбулук фактылары 13%га жогорулап, 7 669 учурду түзгөн. Анда 7 367 убактылуу коргоочу ордер тапшырылган. Бул дагы 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 13%га көп.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Ализа Солтонбекованын айтымында, он айдын ичинде үй-бүлөлүк зомбулуктун кылмыш иши козголгон 305 учуру катталган.Анын маалыматына ылайык, эгер мурда ведомствонун ишеним телефонуна 4-5 миңге жакын чалуу келсе, бүгүнкү күндө ал сан 108 298ди түзгөн. Алардын ичинен 23%ында эркектер, 77%ында аялдар жана 29%ында балдар телефон чалышкан.

Эгер үй-бүлөдө ур-токмокко кабылсаңыз эмне кылыш керек?

Кыргызстанда ар бир төртүнчү аял үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркайт. Өлкө аялдарынын көпчүлүгү — 83 пайызы — бир жолу болсо да үй-бүлөдө психологиялык, физикалык жана сексуалдык зомбулукка кабылышкан. Бул жөнүндө Кризистик борборлор ассоциациясынын изилдөөсүндө айтылат.

Эгер сиз үй-бүлөдө такай ур-токмоктон жабыркасаңыз же жакындарыңызда, тааныштарыңызда ушундай окуялар тууралуу билсеңиз, үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу мыйзам боюнча милицияга кайрылсаңыз болот. Алар сиздин кайрылууңузду каттап, жабыркаган адамга корук кат бериши керек. Бул мыйзам төмөнкүдөй иштейт:

ДАГЫ ОКУҢУЗ: