Милиция эл Солтон-Сарыдагы кенге эмнеге барганын түшүндүрдү

Нарын облустук ички иштер башкы баркармалыгынын маалымат катчысы Кундуз Эсенгулова «Клоопко» Солтон-Сары алтын кенин басып алышты деген маалымат туура эместигин билдирди.

Эсенгулованын айтымында Солтон-Сары жайлоосунда жайгашкан Көл-Төр участогунда иштеп жаткан «Эгиз-Төр девелопиниг» компаниясын Эмгекчил айылынын тургундары басып алганы боюнча маалымат тараган.

Окуя Нарын РИИБи тарабынан каттоого алынып, окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барганда, ал жердин кароолчулары эч кандай басып алуу болбогонун айтышкан.

Эсенгулова Эмгекчил айылынын тургундары ал жакка иштегени барышканын жана ал жакты эч ким басып албаганын кошумчалады.

«23-декабрь күнү болжол менен саат 16:00дөр чамасында Көл-Төр участогундагы "Эгиз-Төр девелопиниг" компаниясына 4 автоунаа менен 10го чукул адам келген. Алар “бул жерге иштейбиз деген максатта” барышкан экен», — деди ал.

Ошол эле күнү кечке маал 20-25ке чукул адам кайра барып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн маселени чечип берүүнү талап кылышкан. Алтын кенине барган жарандар кечке маал үйлөрүнө тарап кетишкен.

Ал эми «тосмону талкалап кирип, жерлерди басып алды» деген маалымат такталган эмес жана андай көрүнүш болбогонун күзөтчүлөр тастыктаган.

Көл-Төр участогундагы «Эгиз-Төр девелопиниг» компаниясы 2013-жылы кең казууга лицензия алып, ошол жылы эле чалгындоо иштерин жүргүзүп баштаган, 2018-жылы Эмгекчил, Миң-Булак айылынын тургундары алтын казууну токтотууну талап кылышкан. Эсенгулова азыркы тапта компания иштебей турганын кошумчалады.

Нарын ОИИББдин маалымат катчысы бул окуя боюнча тергөө жүрүп, мыйзам бузган жарандарга чара көрүлөрүн баса белгиледи.

Аталган иш боюнча Нарын районунун акими Алтынбек Темирбаев «Клоопко» берген маегинде окуянын чоо-жайы мыйзам чегинде каралып жатканын айтты.

«23-декабрда Эмгекчил айылынын тургундары мурункудай эле өзүбүз иштетебиз деген максатта кен иштеткен жерге барышкан экен. Бирок антип барганы менен ал жерде эч кандай мыйзам бузуу катталган эмес. Азыр алар менен жолугуп, ишти мыйзам чегинде чечкенге аракет кылабыз», — деп билдирди райондун акими.

Ошондой эле ал, жайлоого баргандардын аракетин мыйзам боюнча карап, көйгөйдү чечүү үчүн кенге баргандарды Нарынга жолугушууга чакырганын кошумчалады.