Тыныбекова күрөш боюнча Дүйнө кубогунда мыкты спортчу деп табылды

Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер арасында күрөш боюнча өткөн Дүйнө кубогунда мыкты спортчу деп табылды. Турнир Сербияда 12-19-декабрда Сербияда өткөн.

Тыныбекова турнирге 62 кг чейинки салмакта күч сынашып, алтын медалга ээ болгон. Жалпысынан таймашта Тыныбекова төрт жолу күрөшүп, 47:2 эсебинде жеңишке жеткен.

Мындан тышкары, турнирде Мээрим Жуманазарова менен Жоламан Шаршенбеков да алтын медалга ээ болушту. Шаршенбеков үчүн бул улуулар арасындагы спортчулар деңгээлинде өткөн мелдештеги алгачкы медал.

Жыйынтыгында, күрөш боюнча Дүйнө кубогунда кыргызстандык балбандар 3 алтын, 5 коло медал утуп, жалпы медалдык эсепте экинчи командалык орунга ээ болушту.