УКМК «Бишкек башкы архитектуранын» башчысын коррупцияга шектеп кармады

УКМКнын басма сөз катчысы 24-декабрда «Бишкек башкы архитектуранын» башчысы Асахат Түлөбердиев кармалганын билдирди. Ал жер тилкелерин сатууда коррупцияга аралашкан деп шектелүүдө.

Тергөөчүлөр Бишкек мэриясынын, Жер ресурстары башкармалыгынын жана «Бишкек башкы архитектуранын» кызматкерлери 2017-жылы кызыкчылыгы бар адамдар менен «кылмыштуу бүтүмгө» барышканын аныктаган. Алардын маалыматына ылайык, алдын ала аныкталган жеңүүчүлөргө жер участокторун сатуу боюнча «жалган» тоорук өткөрүлгөн.

Түлөбердиевден тышкары коррупция фактысы менен тооруктун «жалган» катышуучусу дагы кармалган. Учурда алар УКМКнын тергөө изоляторуна киргизилип, тергөө уланууда.

Түлөбердиевдердин «күмөндүү тооруктары»

Бул Түлөбердиев аралашкан мамүлккө байланыштуу биринчи жолку эле чуу эмес. 2019-жылы октябрда Factcheck.kgнин журналисттери Түлөбердиевдин агасы Ренат Түлөбердиевдин «Киргизия 1» аймагында декларацияга киргизилбеген хансарайын табышкан. Ренат Түлөбердиев — Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мурдагы жетекчиси.

Иликтөөнүн алкагында журналисттер аткаминердин жана анын үй-бүлөсүнүн кыймылсыз мүлккө байланыштуу бир нече «күмөндүү» иш-чараларын аныкташкан. Негизинен, Асках Түлөбердиев Ысык-Көл облусунун Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүндөгү курорттук аймактан убактылуу пайдаланууга деп жер ээсинен 188 чарчы метр участок алган.

Жарым жылдан кийин ал тартуулоо келишими менен участокту энесине каттатып, энеси өз кезегинде аны ушундай эле ыкма менен жээнине каттаткан. Журналисттердин маалыматына ылайык, ушундай эле схема менен Түлөбердиевдердин үй-бүлөсүнүн наамына ушул эле жер тилкесинде жайгашкан конок үйү дагы «өткөрүлгөн».

Мындан тышкары, Асхат Түлөбердиев 2018-жылы 10 кабаттуу турак үйдү курууда кызмат абалынан кыянат пайдаланган деп дагы айыпталган. Бирок ал эки инстанциянын соттору тарабынан акталган.