Дебат: Исаев, Сооронкулова, Иманалиев парламентаризмдин артыкчылыктарын айтты

КТРК каналында 28-декабрда президенттикке талапкерлердин теледебаттары өтүүдө. Дебаттардын катышуучулары:

  • «Кыргызстан» партиясынын лидери Канатбек Исаев;
  • «Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова;
  • «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров;
  • Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун башкаруучулугунун мурдагы мүчөсү Аймен Касенов;
  • экс-депутат Бактыбек Калмаматов;
  • «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев.

Алып баруучу талапкерлерге өлкөнү өнүктүрүү үчүн кайсы башкаруу формасы керек деген суроону узатты.

Канат Исаев 2010-жылга чейин бийлик толугу менен президенттин колунда болгонун белгиледи. Анын айтымында, премьер жадагалса акимдин орун басары боюнча да чечим кабыл ала алган эмес.

«Биз үчүн, мен ойлойм, парламенттик башкаруу система өтө маанилүү. Анткени коррупциянын башы бул бийликтин баарын бир колго берип койгондон башталат. Тең салмактуулук болуш керек, бийлик бутактары бири-бирин көзөмөлдөп туруш керек. Илгери хандар убагында дагы өтө маанилүү маселе болгондо курултай чакырып, ортого салып, кеңешип, анан гана чечим кабыл алышкан», — деди Исаев.

Клара Сооронкулова кыргызстандыктар буга чейин суперпрезиденттик өлкөдө жашап жүргөнүн билдирди. Сооронкулова 2010-жылы президенттин ыйгарым укуктары кыскартылганы менен иш жүзүндө бул мыйзам иштебегенин айтты.

«Шайланып келген президенттер — Атамбаев болобу, Жээнбеков болобу — Баш мыйзамга карама-каршы иштеди дагы, бийликти узурпациялап кайра эле суперпрезиденттик башкарууда калдык. Бизге азыр парламенттик башкаруу гана керек», — деди Сооронкулова.

Ал эми Каныбек Иманалиев 21-кылым парламентаризмдин кылымы экенин белгиледи.

«Акыркы он жылда бүт төңкөрүштөр президенттик өлкөлөрдө болду: Йеменде, Тунисте, Украинада, Грузияда, Кыргызстанда. Кыргыздын тарыхын карабайлыбы? Манас атабыз хан Бакай, хан Кошой менен кеңешип чечкен. Барсбек каганды кырк чоро шайлаган. Ошондуктан Кыргызстандын келечеги — бул таза шайлоо, чыныгы парламентаризм жана жоопкерчиликтүү Жогорку Кеңеш», — деди Иманалиев.

Кыргызстанда президенттик шайлоо менен башкаруу формасын тандаган референдум 2021-жылдын 10-январында бирге өтөт. Учурда мамлекет башчысы болууга 18 талапкер ат салышып жатат.