Өлкөдө коронавирус 162 кишиден аныкталып, 237 бейтап айыкты

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 28-декабрда өлкөдө коронавирустун жаңы 162 учуру катталганын маалымдады. Илдетти жуктургандардын арасында эки медициналык кызматкер бар.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаары — 59 (эки медкызматкер);

Чүй облусу — 42;

Ысык-Көл облусу — 25;

Ош шаары — 11;

Жалал-Абад облусу — 10;

Талас облусу — 7;

Ош облусу — 6;

Нарын облусу — 2.

Ошондой эле акыркы суткада коронавирустан 237 бейтап сакайды — алардын арасында төрт медкызматкер бар.

Коронавирустан Бишкек шаарында — 96, Чүй облусунда — 70, Ысык-Көл облусунда — 32, Жалал-Абад облусунда — 14, Ош облусунда — 12, Баткен облусунда жети, Нарын облусунда үч, Ош шаарында эки жана Талас облусунда бир бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды.

Мындан сырткары Бишкек шаарында COVID-19 жуктурган бир бейтап каза болду.

Ушуну менен Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 80 535ке жетти. Анын ичинен 75 057 бейтап айыгып, 1 349 киши көз жумду. Алгач, 18-августта, COVID-19дан улам каза болгон бейтаптардын саны 1 498ге жеткен, бирок Саламаттык сактоо министрлиги алардын санын 29 пайызга азайткан.

Жалпысынан COVID-19дун эң көп учуру Бишкек шаарында катталды — 26 654. Ал эми Чүй облусунда — 11 370, Жалал-Абад облусунда — 9 766, Ош облусунда — 8 213, Ысык-Көл облусунда — 7 133, Баткен облусунда — 7 121, Ош шаарында — 5 506, Талас облусунда — 2 531, жана Нарын облусунда — 2 241 киши коронавируска чалдыккан.

Бүгүнкү күндө илдеттен 1 265 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат — алардын ичинен 65 киши өтө оор абалда. Ошондой эле, 1 960 адам үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.