«Манас» аэропортунда атайын техниканы сатып алууда 65 млн сом зыян келтирилгени аныкталды

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы «Манас» эл аралык аэропортунда мамлекетке 65 млн сом зыян келтирилгени аныкталганын маалымдады.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, мамлекетке зыян келтирүү фактысы мамлекеттик сатып алууларды текшерүү учурунда аныкталган. Ушул эле текшерүү мамлекеттик сатып алууда «Манас» аэропорту менен чет өлкөлүк команиянын ортосундагы байланышты аныктаган.

Прокуратуранын версиясы боюнча, аэропорттун жетекчилиги чет элдик компаниянын кызыкчылыгын бир адам аркылуу ишке ашырып турган. Ошол эле адам 2018-2020-жылдары 16 тендерге катышкан дагы төрт компаниянын ээси болгон.

Компаниялар ошол эле адамга байланыштуу фирмалар аркылуу жалпы суммасы 430 млн сомдон ашуун каражатты түзгөн конкурстарга катышкан.

Товарларды сатып алууну пландоо баскычында жогорулатылган баалар коюлуп, ал эми жеңүүчүлөрдү бузуулар менен аныкташкан.

«Сатып алуучу уюм жеткирип берүүчүлөрдү дискредитациялаган талаптарды жана критерийлерди койгон, конкурстун квалификациялык талаптарына жооп бербеген бир кишинин компаниясынын конкурстук билдирмелерин жактырган. Айрым жеткирип берүүчүлөр техникалык спецификация боюнча конкурстун кийинки этабына жеткиликтен жөнү жок ажыратылып турган», — деп билдиришти прокуратурадан.

Бул бузуулар менен биргеликте ар кандай мүнөздөмөлөрү бар товарларды сатып алуу боюнча конкурстары аларды лотторго бөлбөстөн жүргүзүлгөнү аныкталган, анткен менен ар башка топтогу товарларды жалпы бир топко бириктирүүгө болбойт.

«Кызмат адамдары жана “Манастын” жетекчилиги ыйгарымукугу менен кыянат пайдаланып, конкурстарды өткөрүүнүн тартибин бузуп, билип туруп кымбат баада пайдасыз келишим түзүп, мамлекетке жалпы суммасы 65 млн 170 миң сом зыян келтиришкен», — деп билдиришти көзөмөл органынан.

Бардык фактылар боюнча материалдар «Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы» жана «Ачык соода-сатыктарды, аукциондорду же тендерлерди өткөрүүнүн тартибин бузуу» беренелери боюнча КЖБРге катталды. Аталган иш боюнча сотко чейинки өндүрүш уланууда.