Ошто 4 баллдык жер титирөө катталды, жабыркагандар жок

Иллюстративдик сүрөт

Ош облусунун аймагында 29-декабрда эрте мененки саат 07:49да күчү төрт баллга жеткен жер титирөө катталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

«Ош шаарында жана Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман, Шарк, Кашкар-Кыштак, Жаңы-Кыштак айылдарында жер титирөө 4 баллга жеткен. Ал эми Кара-Суу шаарында, Ак-Таш, Большевик, Отуз-Адыр, Каарман, Кыргыз-Чек, Таштак, Мады, Дыйкан-Кыштак, Жапалак айылдарында 3 баллга чейин сезилген», — деп билдирди ӨКМден.

Буга чейин мындан үч күн мурун да Баткен облусунун аймагында беш баллга жеткен жер титирөө катталган. ӨКМдин маалыматы боюнча жер титирөө Кадамжай шаарында, Пүлгөн, Таш-Кыя айылдарында 5 балл, Көтөрмө, Гайрат айылдарында 4 балл, Кызыл-Кыя шаарында 3,5 балл, Ош облусунун Ноокат районунун Кызыл-Булак айылында 4 балл, Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылында 3,5 баллга чейин сезилген.

«Азаттык» басылмасы Жарандык коргонуу комиссиясы жер титирөөнүн кесепетинин тактоо иштерин жүргүзүп жаткандыгын кабарлады. Ошондой эле, Кадамжай жана Баткен райондорунун бир катар айылдарында мектеп, бала бакча жана үй дубалдарынан жарака кеткендигин маалымдады. Жарандык коргонуу комиссиясы тийиштүү акт түзүп, объектилерди кайра калыбына келтирүү үчүн жергиликтүү бийликке сунушун берген.

Үстүбүздөгү жылдын 30-октябрында Түркиянын батыш аймактарында күчү 6,6 баллга жеткен жер титирөө катталып, анын кесепетинен 79 киши каза болгону кабарланган. Мындан сырткары 962 адам ар кандай жаракат алган — анын 743ү ооруканалардан чыгарылган.