Соттолуучу. Сүрөт: «Турмуш» басылмасынан алынды

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда мындан беш жыл мурун сиңдисинин жети жашар кызын сабап өлтүрдү деген аял сегиз жылга камакта калтырылды. Жогорку сот мындай чечимди үстүбүздөгү жылдын 2-ноябрында кабыл алган. Бирок, судья мунапыс боюнча мыйзамдын негизинде соттолуучунун жазасынын үчтөн бир бөлүгүн кыскартты.

Окуя 2015-жылдын 8-декабрында орун алган. Аталган облустун Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айыл аймагынын 46 жаштагы тургуну убактылуу багып жүргөн жети жашар кызды сабагандыгы маалымдалган. «Сен сабактан кеч келдиң, жакшы окубайсың, “эки” деген баа алдың..» деп, мештин жанында турган таяк менен урган.

Мындан улам секелек кыз эртеси мектепке баратып жолдо эс-учун жоготуп, жыгылган. Соттолуучу өз көрсөтмөсүндө ичимдик ичип келген жолдошу менен жаңжалдашып кеткендиктен, ачуусу менен секелекке кол көтөргөнүн айткан. Соттолучунун сегиз баласы бар, ал эми маркум секелек кыз төрт бир туугандын үчүнчүсү болгон.

Маркум кыздын ата-энеси Орусияда миграцияда болушкан. Мектеп жашына чейин ал ата-энеси менен бирге болгондугу айтылат. Секелектин апасы бир тууган эжесине аны мектепте окутуу үчүн таштап кеткен. Ошондой эле, ал эжесин кызынын өлүмүнө айыптоодон баш тартып, милицияга тосмо арыз жазып берген. Ата-эне муну кызынын эс-учун жоготуп жыгылгандыгын боору оорукчан болуп төрөлгөнү менен байланыштырган.

Анткен менен соттук-медициналык экспертиза кыздын өлүмүнө боор кемтиги эмес, башынан алган жараат себеп болгонун аныктаган.

2016-жылдын 29-февралында Базар-Коргон райондук соту шектүүнү «Байкабастыктан жабырлануучунун өлүмүнө алып келген, саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү» беренеси менен күнөөлүү деп таап, үч жылга эркинен ажыраткан.

Ал эми Жалал-Абад облустук соту 2016-жылдын 12-апрелинде Базар-Коргон райондук сотунун өкүмүн өзгөртүп, соттолуучуну сегиз жылга камоо чечимин чыгарган.

Шектүүнүн жактоочусу Жогорку сотко кассациялык арыз менен кайрылып, облустук сот тарабынан бир катар мыйзам бузууларга жол берилгенин айткан. Ошондой эле, ал жабырлануучу тараптын тосмо арыз бергендиги жана алардын укук коргоо органдарына кайрылбагандыгын белгилеген. Жактоочу Базар-Коргон райондук сотунун чечимин күчүндө калтырууну, же шектүү жазанын бир бөлүгүн өтөп чыккандыгын эске алып, аны камактан бошотууну суранган.

Буга чейин 2019-жылдын жазында Жалал-Абадда 2 жашар кыз эс-учун жоготкон абалда ооруканага түшүп каза болгон. Экспертиза наристе тепкичтен жыгылганын жана андан сырткары денесинде көгала тактар болгонун аныктаган. Анын өлүмүнө шектүү деп таенесине каршы кылмыш иши козголгон.

Эки жашар кыздын апасы күйөөсү менен ажырашкандан кийин Орусияга иштегени кеткени маалым болгон. Жалал-Абад облустук милициясы аталган фактты «Ден соолукка оор эмес залал келтирүү» беренеси сотко чейинки өндүрүшкө алган. Кийинчерек Жалал-Абад ОИИБи соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыкканын билдирип, анын жыйынтыгы менен тергөө амалдары жаңы жагдайлар боюнча жанданганын кабарлаган.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, акыркы беш жылда балдарга карата жасалган зомбулуктун саны өскөн. 2014-жылы 143 учур катталса, 2018-жылы бул көрсөткүч 187ге жеткен. Ал эми 2019-жылдын 9 айында эле зомбулук учурлары 255ти түзгөн.

Тема боюнча: