Жалал-Абад: Милиция «оор абалда» ооруканага түшкөн 2 жашар кыздын окуясын териштирүүдө

Иллюстративдик сүрөт: Дастан Үмөтбай улуу/Kloop.kg

Жалал-Абад облустук ооруканасына 7-майда 2 жашар кыз «оор абалда» келип түшкөн. Дарыгерлер кыздын денесин кароо учурунда көк тактарды байкашкан. Милиция окуянын чоо-жайын териштирип жатат.

«Кактус» басылмасы Жалал-Абад ооруканасында 2 жашар кыздын денесин дарыгерлер карап жаткан тасманы жарыялады.

Видеодо дарыгерлер наристенин денесиндеги тактарды анын таенесине көрсөтүп, эмнеден улам мындай болгонун сурашкан. Кыздын таенеси небереси ойноп жатып жыгылган деп жооп берген. Таенесинин жообуна канааттанбаган дарыгерлер андан чындыкты айтууну талап кылышкандыктан, ал наристени «бир-эки жолу урганын» мойнуна алган.

Наристе оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. «Клооптун» журналистинин баланын учурдагы абалын билүү аракетинен майнап чыккан жок.

«Турмуш» басылмасы ооруканадагы маалымат булагына таянып, кыздын баш мээси жабыркаганын жана учурда ал эс учун жоготкон абалда экенин жазып чыкты.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан «Клоопко» билдиришкендей, наристенин окуясы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Кокустук» беренеси менен катталды. Сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө иштери жүрүүдө.

«Бизге ооруканадан дарыгерлер кабарлашкан. Кыздын таенесини ал бир апта мурун тепкичтен жыгылып, башы менен кулап түшкөнүн айтууда. Учурда тиешелүү материалдар чогултулуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган», — деп маалымдады облустук милициянын басма сөз катчысы Нурдин Жээнтаев.

Үстүбүздөгү жылдын январь айында Оштогу ооруканага денеси муздап калган абалда эки жашар наристе жеткирилген. Анын өлүмүнө шектүү катары 30 жаштагы жеңеси кармалып, ал бала шымына сийип койгону үчүн анча-мынча чымчыганын айткан. Аялга карата «Ден соолукка оор залал келтирүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Редактору: Элвира Султанмурат кызы