Эки жашар наристенин өлүмү боюнча тергөө жаңы жагдайлар боюнча жанданды — Жалал-Абад ОИИБ

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Нурдин Жээнтаев «Клоопко» эки жашар кыздын өлүмү боюнча соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыкканын билдирди. Анын жыйынтыгы менен тергөө амалдары жаңы жагдайлар боюнча жанданды.

«Тергөөнүн кызыкчылыгынын негизинде азыр маалыматтарды убактылуу бере албайбыз. Анткени коомчулукка тараган маалымат туугандарына жетип, алар позицияларын өзгөртүп жиберип жатышат», — деп түшүндүрдү Жээнтаев.

Жээнтаев тергөөнүн жыйынтыгы менен мурда коюлган берене өзгөртүлүшү мүмкүн экендигин кошумчалады.

Жалал-Абад облустук ооруканасына 7-майда 2 жашар кыз «оор абалда» келип түшкөн. Дарыгерлер кыздын денесин кароо учурунда көк тактар байкалган. Наристенин таенеси болсо «бир-эки жолу урганын» мойнуна алган. Эки жумадан кийин кыз өзүнө келбей ооруканада чарчап калган.

Жалал-Абад ОИИБден окуя «Денеге анча эмес оор залал келтирүү» беренеси менен сотко чейинки өндүрүшкө алынып, соттук-медициналык экспертиза дайындалганын билдиришкен.