«Дем алгым келет!» Бишкекте кара түтүнгө каршы акция болуп өттү

18-декабрда Бишкекте кара түтүнгө жана бийликтин бул маселеге чара көрбөй жатканына каршы кезектеги марш болуп өттү.

Марш темир жол бекетинен башталып, активисттер Эркиндик бульвары аркылуу «Ала-Тоо» аянтына чейин жүрүш менен келишти.

Активисттер жана шаар тургундары марш аркылуу кезектеги жолу өкмөттүн көңүлүн борбор калааны каптаган кара түтүн көйгөйүнө бурууну максат кылышкан. Алар жарандарды үйлөрдү жылытууда резина жана эски дөңгөлөктөрдү жакпоого үндөштү.

Буга чейин бийлик электр энергиясын үнөмдөө үчүн кыргызстандыктарды үйлөрдү көмүр же газ менен жылыткыла деп айткан болчу. Көпчүлүк жашоочуларга газ түтүктөрү тартылбагандыктан, ал эми айрымдар мындай жылуулукту пайдаланууга каражаты жетишсиз болгондуктан көбүнесе көмүр жагышат. Көмүр жетишпесе кездемелердин же резинадан аркткан түрдүү таштанды менен жылынышат.

Бишкекти каптаган кара түтүн

Борбор калаадагы абанын булгануу көйгөйү кара түтүндү шаар тургундары байкап баштаган 2017-жылдан бери талкууланып келет. Бирок Бишкектин абасында зыяндуу заттардын көптүгү он жыл мурда эле айтылган.

Бийлик Бишкектеги абанын булганышынын негизги себеби катары автоунаалардан чыккан түтүндөр деп эсептейт.

Аны менен катар кышкысын абанын сапатын жеке сектордо жашаган жана үйлөрүн көмүр менен жылытып, моруна чыпка орнотпогон адамдар бузушат дейт.

Экологдор болсо көп кабаттуу үйлөрдү жылуулук менен камсыздаган Бишкек ЖЭБдин чыгындылары абанын сапатына таасир берет дешет. Бирок бийлик жылуулук борборлорунда катуу бөлүкчөлөрдү 97% тазалаган күчтүү чыпкалар орнотулган деп айтып келет.