Сузакта аял үч баласы менен иске ууланып каза болду. Арасында эгиздер да бар

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: 7-канал

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 30 жаштагы аял үч баласы менен иске ууланып каза болду. Окуя Кашка-Терек айылында 2-январга караган түнү катталган. Балдардын бирөө 5 жашта жана экөө 3 жаштагы эгиз балдар болгон.

Маркумдун жолдошу Орусияда 2018-жылдан тарта эмгек миграцияда иштеп жүргөндүктөн, келин үйүндө кайнене жана кайнатасы менен жашаган.

«Каза болгондор уктап жатып, көмүрдөн чыккан газга ууланып калышкан. Жакындары ооруканага алып келишкенде кеч болуп калган. Алар эч кимге арыз доосу жоктугун билдирип, сөөктөрдү соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышты», — деп билдирди «Клоопко» Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы.

Былтыр декабрь айынын аягында Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Теңдик айылында жалгыз бой эне 3 кызы менен иске ууланып каза болгон болчу.

Буга чейин мындан бир жыл мурун да аталган райондун Кызыл-Сеңир айылында 33 жаштагы аял эки баласы менен иске ууланып каза болгон. Балдардын бирөө 7 жашта, экинчиси 5 жашта болгон.

Алардын сөөгүн кошуналары тапкан. Маркумдун жолдошу Орусияда эмгек миграцияда иштегендиктен жубайына телефон чалган. Ал эки күн телефон чалууга жооп бербегендиктен, кошуналарынан үй-бүлөсүнөн кабар алууну суранган.