Кочкордо жалгыз бой эне 3 кызы менен иске ууланып каза болду

Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Теңдик айылында жалгыз бой эне 3 кызы менен иске ууланып каза болду.

Нарын облусунун ички иштер бөлүмүнүн маалымат катчысы Кундуз Эсенгулова «Клоопко» берген маегинде иске ууланган аял 38 жашта экенин , ал эми кыздары 2009чу, 2011чи жана 2013-жылы туулганын айтты. Ошондой эле, 5 жашар бала аман калып, ооруканага түшкөнүн кошумчалады

Эсенгулованын айтымында, аялдын агасы карындашы үч күндөн бери телефонун албай жатканынан айылдан келип үйүнө барган. Ал жакка барып, окуяга күбө болгон. Милицияга маркумдун агасы 18-декабрда кабар берген.

Аталган факты Кочкор РИИБи тарабынан каттоого алынып, текшерүү иштери башталды.

«Учурда бул факты боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат», — деди Эсенгулова.

Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы Мирлан Исраилов «Клоопко» курган маегинде каза болгондордун сөөгүн жакын туугандары Комсомол айылына алып кеткенин билдирди.

«Бул үй-бүлө биздин айылда жашачу экен. Мен айыл өкмөт башчысы болуп келгениме аз эле убакыт болду. Биз дагы маалыматты угуп, жерине барсак туугандары келип сөөгүн алып кетип, үйүн бекитип коюшуптур. Балдары айылдагы мектепке барчу экен», — деди ал.

Исраилов ошондой эле, учурда социалдык адистер аталган үй-бүлө тууралуу маалыматтарды тактап жатканын кошумчалады. Анын жыйынтыгында алар жардам алып жүргөнү, же жүрбөгөнү аныкталат.

Айыл өкмөт башчысы үй-бүлөдө аман калган жалгыз бала ооруканадан чыкса айыл өкмөт тарабынан тийиштүү жардам көргөзүлөөрүн билдирди.

Буга чейин Бишкекте 19-декабрдын түнү үйдөгү меш жарылып, натыйжада 7 адам жабыркаган. Жаракат алган беш баланын энеси ошол эле күнү көз жумган.

Ал ортодо өкмөт Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү аз экенин айтып, элди электр энергиясын үнөмдөөгө чакырууда. Электр жарыгы менен үйдү жылытуунун ордуна газ, көмүр колдонууну сунуштоодо.