Акыркы суткада коронавирустун жаңы 124 учуру катталды, каза болгондор жок

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан 5-январда коронавирустун жаңы 124 учуру катталганын маалымдашты. Ооруга чалдыккандардын 61инде COVID-19 лабораториялык аныкталган, ал эми калган 63үндө клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаары — 59;

Чүй облусу — 51;

Ысык-Көл — 11;

Баткен облусу — 1;

Талас облусу — 2;

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 81 512ге жетти. Аймактар боюнча коронавирустун эң көп учуру Бишкекте катталды — 26 770. Ал эми Чүй облусунда — 11 461, Ош облусунда — 8 236, Жалал-Абадда — 9 806, Ысык-Көлдө — 7 268, Ош шаарында — 5 518, Баткенде — 7 145, Нарын облусунда — 2 271 жана Талас облусунда — 2 554 учур катталды.

Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 1 178.

Ошондой эле, акыркы суткада 227 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Сакайгандардын эң көбү Чүй облусунда катталды — 74, Бишкек шаарынан — 48, Жалал-Абад облусунда — 13, Ош облусунда — 18, Ош шаарында — 8, Баткен облусунда — 6, Ысык-Көл облусунда — 44, Нарын облусунда — 2, Талас облусунда — 14 бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 76 955 бейтап оорудан айыкты. Ооруканаларда 8 88 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 47 киши өтө оор абалда. Ал эми үй шартында 1 385 киши дарыланып жатат.

Мындан сырткары, өлкө боюнча үч медкызматкерден коронавирус аныкталды. Бишкек шаарынан — бир, Чүй облусунан — эки медик COVID-19га чалдыккан. Ал эми бир суткада он бир медик айыкты.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 4 126га жетти, анын ичинен 3 954 медкызматкер илдеттен айыкты.