УКМК зер буюмдар аткезчилиги иши боюнча Болот Сүйүмбаевди издөөгө жарыялады

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы атайын кызматтын төрагасынын мурдагы орун басары Болот Сүйүмбаевге издөө жарыяланганын кабарлады.

УКМК сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Сүйүмбаевдин ири өлчөмдөгү зер буюмдарды аткезчилик жолу менен ташып өтүүгө тиешеси бар экендиги аныкталганын белгиледи.

Сүйүмбаев бир нече жолу суракка чакырылган, бирок ал келбегенинен улам «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» жана «Экономикалык аткезчилик» беренелери менен сыртынан шектелип, издөө жарыяланган.

УКМК буга чейин дагы Сүйүмбаевди издөөгө жарыялаган болчу. 2020-жылдын декабрында атайын кызматтагылар Сүйүмбаев зер буюм аткезчилиги иши боюнча эки берене менен шектелип жаткандыгын айтышкан.

УКМКнын жетекчилик ордуна Сүйүмбаев 2016-жылы дайындалган. Аны дайындоо тууралуу жарлыкка Алмазбек Атамбаев өлкө башчысы болуп турган кезинде кол койгон. «Азаттыктын» маалыматына ылайык, мамкомитеттеги кызматка чейин Сүйүмбаев Атамбаевдин жансакчысы, андан сырткары, УКМКнын 9-кызматын да жетектеп иштеген.

Зер буюмдар аткезчилиги

2019-жылдын март айында эле Аскер прокуратурасы зер буюмдарды контрабанда жолу менен алып өтүүгө байланышкан бир нече кылмыш иши боюнча сотко чейинки өндүрүш баштаган.

Кылмыш иштеринин бирине ылайык, 2017-жылы өлкөгө 22 кг алтын аткезчилик жолу менен киргизилген. УКМКнын жетекчилиги бул иш боюнча сотко чейинки текшерүүнү токтотуу жана алтынды кайтарып берүү тууралуу мыйзамсыз тапшырма берген.2017-жылы УКМКны Абдиль Сегизбаев башкарып турган, ал эми орун басары Дүйшөнбек Чоткараев болгон.

Андан соң, 2020-жылдын ноябрь айында УКМК алтын аткезчилиги боюнча Чоткараевди кармаган. Чоткараев кармалгандан кийин президенттикке талапкер Сегизбаев коопсуздук комитетинин аракетин өзүн колдогондордун колун чогултуу иш-чарасын үзгүлтүккө учуратуу катары баалаган. Анткени Чоткараев кол топтоо иш-чарасын координациялап турган.

Ошол эле жылдын декабрь айында Биринчи май райондук соту Чоткараевди тергөө мөөнөтү аяктаганча деп ТИЗОдо калтыруу чечимин чыгарган.