Вице-премьер-министр мечиттердин ордуна мектеп жана бала бакча курууга чакырды

Вице-премьер-министр Равшан Сабиров

Ош шаарында 6-январда өткөн регионалдык экономикалык жыйында вице-премьер-министр Равшан Сабиров кайрымдуулук фонддор бала бакча жана жакыр үй-бүлөлөргө турак жай куруп берүүсү керектигин айтты.

Собировдун айтымында, Бишкектин Аламүдүн районундагы социалдык шаарчага кайрымдуулук фонддор мечиттерди абдан көп курган. Ал муну социалдык шаарчанын ачылышына катышканда байкаган.

«Токтоткула дедим. Мектептерди, бала бакчаларды, социалдык жактан начар үй-бүлөлөргө үйлөрдү куруп бергиле дедим. Алар ыраазы болушту. Бишкекте куруунун кереги жок. Региондорго курулушу керек. Ошондуктан [кайрымдуулук фонддорду] акимдер менен сүйлөшкүлө деп жатабыз», — деди Сабиров.

Өлкөдө ар кандай кайрымдуулук фондор социалдык шаарчаларды куруп жатышат. Мисалы Кувейт өлкөсүнүн «Ас-Сафа борбору» коомдук бирикмеси Баткен шаарына «Али Аль-Ганим» жана «Фаиза Аль-Харафи» атындагы социалдык шаарча куруп берген. Ал үчүн Баткен мэриясы үй курууга 3,5 гектар жер бөлүп берген. Турак үйлөр 2019-жылдын 5-октябрында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилген.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы директору Зайырбек Эргешов «Азаттык» басылмасына учурда өлкө боюнча 3000ден ашуун мечиттер бар экенин айткан. Ошондой эле, ал 1985-жылы Кыргызстанда болгону 15ке жакын мечит болгонун билдирген.

Ал эми өлкө боюнча 2019-жылдын аягына карата 2 265 мектеп бар экендиги маалымдалган. Анда 1 млн 268 миң бала билим алат. Ошондой эле, Кыргызстанда мамлекеттик, муниципалдык жана менчик 1062 бала бакча бар.