Жалал-Абадда соттолгон адамдын аялы абакка 40 миң рубль алып кирүүгө аракеттенди

Иллюстративдик сүрөт

Жалал-Абад шаарындагы №10 колониясына ири өлчөмдөгү акчаны алып кирүүгө аракеттенген аял колго түштү. Окуя 5-январда болгон.

Маалыматка ылайык, колго түшкөн Баткен облусунун тургуну абакта отурган кишинин жарандык никедеги аялы болуп чыкты. Ал колонияга 40 миң рубль жана 1 300 сом алып кирүүгө аракеттенген.

«Аял уюлдук телефон жана 70 сомду өткөрмө пунктунда калтырып, башка тыюу салынган буюмдар жок экенин айткан. Ал жолугушууга кирип кетип жаткан жерден мекеменин тинтүү бөлмөсүнөн текшерген учурда курткасынын ичине бекитип, койнуна катылган кара түстөгү баштыкчанын ичинен 5 миң рублдук алты банкнота, 1 миң сомдук бир банкнота жана 100 сомдук үч банкнота табылган», — деп берилет ЖАМКтын басма сөз кызматы.

Аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүш ачылып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.