Жанар Акаев аялын сабаганы айтылууда. Депутат жана жубайы маалыматты четке какты

Депутат Жанар Акаев фейсбук баракчасында аялын сабаганы тууралуу тараган маалымат «чындыкка дал келбейт» деп жазып чыкты.

Урматтуу достор! Өзгөчө журналисттер. Жанар Акаев аялын сабады деген маалымат таптакыр чындыкка дал келбейт. Андай...

Опубликовано Janar Akaev Пятница, 8 января 2021 г.

Акаевдин аялы Жыргал Кенжебаева өзүнүн твиттер-баракчасында «баары жакшы экенин» жана «эч жакка арыз менен кайрылбаганын» маалымдады.

Буга чейин бир катар ЖМКлар Бишкек шаарынын Ленин РИИБсине таянып, Жанар Акаев жубайын ур-токмокко алганын жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, милицияга «К. Ж.» аттуу аял арыз менен кайрылып, күйөөсү Жанар Акаев «аны сөгүп, мойнуна уруп, бир нече жолу бутуна тепкенин» билдирген. Чыр учурунда арыз менен кайрылган аялдын тырмагы сынып кеткени кабарланган.

Бул окуя боюнча «Үй-бүлөдөгү зомбулук» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш ачылды.

Жанар Акаев — Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты. Ал 2015-жылы «бийликчил» болгон КСДП партиясынан шайланып, бирок 2017-жылы партиянын катарынан чыгарылган. Буга ал ошол убакыттагы президент Алмазбек Атамбаевди жана КСДПны сындаганы себеп болгон.

Ал эми 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо Акаев «Ата Мекен» партиясынын жаңы лидери катары катышкан.