Садыр Жапаров өз шайлоо тилкесинде башкаруу формасы боюнча референдум менен кезексиз президенттик шайлоодо добуш берип чыккандан кийин журналисттерге бир аз маек курду. Ал журналисттерге төмөнкүлөрдү айтып берди.
Кимге баш ийери жана алдыңкы келечек тууралуу
Жапаровдун пикринде, шайлоодон кийин талапкерлердин бардыгы, жада калса эгер өзү да жеңсе шайлоонун жыйынтыгын таанышы керек.«Жыйынтык кандай болбосун тааныйбыз. Бардык талапкерлер ким жеңишке жетсе, ошону таанышыбыз керек. Мен боломбу башка [талапкер] болобу», —деди ал.
Анткени «көпчүлүктү сыйлаш» керек.
«Азчылык көпчүлүктүн добушун сыйлашы керек», — деп билдирди ал.
Шайлоо фондунун сырлары тууралуу
Жапаровдун кампаниясынын каржылоосу дагы суроо жаратты. Ал адамды барымтага алуу боюнча күнөөлүү деп табылып, 11,5 жылга эркинен ажыратылып, 2020-жылдын 6-октябрына чейин бир нече жыл абакта отурган. Бирок, 2021-жылдын 10-январына карата анын шайлоо фонду эң чоң болгон: 67 млн сомдон ашык акча, ал бул каражаттын баарын короткон.
«Эч нерсе жашырган жокпуз. Мурдагы шайлоолордо расмий түрдө эч нерсе көргөзүшкөн эмес, бирок бейрасмий түрдө чыгымдар көп кетчү. Менин маалыматым боюнча, менин шайлоо компанияма 60 млн сомдун тегерегиндеги каражат жумшалды, бирок анын баары элден чогулду. Ошондуктан мен элге, шайлоо фондуна төккөн жарандарыбызга терең ыраазылыгыбызды билдирип кетем. Мен кечээ отуруп, мурдагы шайлоолордо канча чыгым кеткенин билдим. Көрсөткөнү 200 млн сом чыгым, ал эми көрсөтпөй колдонгону 25-30 млн доллардын тегерегинде болуп жүрөт», — деди Жапаров ЖМКлардын өкүлдөрүнүн суроолоруна.
Буга чейин 5-январда президенттикке талапкер Абдил Сегизбаевдин өкүлдөрү салык кызматына суроо жөнөтүп, талапкер Садыр Жапаровдун салык төлөмдөрү жөнүндө маалымат берүүнү өтүнгөн. БШКнын маалыматы боюнча Жапаровдун эсебине 2020-жылдын 23-ноябрынан 1-декабарына чейин 15 млн сом келип түшкөн. Бул каражат «талапкердин жеке каражаты» катары көрсөтүлгөн. Расмий маалымат ушуга чейин айтылып да, жарыяланган дагы эмес.
* Декабрдын аягына карата Жапаровдун шайлоо фондундагы эсебинде дээрлик 46 млн сом бар болчу, анын ичинен 15 млну «жеке каражаттары» катары көрсөтүлгөн. Жапаров өзү мынча каражат ага «элден келгенин», түрмөдө отурганда да акчасын, тамак-ашын, кийим-кечелеринен өйдө калтырып, эл бакканын айткан. Бул 15 млн сомдон тышкары, калган 30,9 млн сому эки коммерциялык компания менен он жарандан түшкөн. Анын демөөрчүлөрүнүн катарында кара-суулук ресторатор, Жээнбековдун учурундагы аткаминер жана кылмыш иштеринин фигуранттары болгон.
Кытай менен байланышы тууралуу
Акыры, Садыр Жапаров Кытай менен болгон байланышы тууралуу айтып берди, камактан чыккандан соң акталган кылмыш иштериненен тышкары, кырнетте айтылып келген божомол тыңчылык жана башка мыйзам бузуулар жөнүндөгү ушак сөздөрдү четке какты.
«Мага эч нерсе таба албай, оюнан ойлоп чыккан фантазиясы да бул. Анткени мага карата жер саткан боюнча фактылар жок. Андай макамды иле албайт мага. Мындан тышкары, мамлекеттен уурдады, ичип-жеп койду деген макам таппай, аягында “Кытайдын шпиону” деген макамдарды илип жатпайбы. Бирок 20-30 жыл мурунку эл жок азыр. Ар бириңиздерде смартфон бар, социалдык түйүндөр бар, интернет деген бар — бардык чындыкты ошол жерден билип алса болот», — деди ал.
*Негизинен Жапаровдун Кытай менен байланышы тууралуу атаандашы, президенттикке талапкерлердин бири Абдил Сегизбаев айтып чыккан. Ал эми Жапаров Кытайдын карызынан кутулуунун бир жолу катары Жетим-Тоо кенинен казылып алынган чийки затты сатуу тууралу айткандан кийин Сегизбаев аны Үрүмчүдө алтын бөлүп алуучу завод курган ишкерге берүүнүн амалын кылууда деп күнөөлөгөн. Дал ушул ишкерге Бакиев башкарып турган 2009-жылы Жетим-Тоо сатылган боулуш мүмкүн деп божомолдогон Сегизбаев. Жапаров өзү буга чейин маалыматты төгүндөгөн эмес.
Расмий маалымат боюнча, кен иштетүү лицензиясы чындыгында эле 2009-жылдын 14-декабрында жогоруда аты аталган фирмага берилген. Анын негиздөөчүсү катары Ульяна Пак менен Денис Гладышев көрсөтүлгөн. Пакты Максим Бакиевдин ишенимдүү адамы дешет. Кийинчерээк фирманын 80% акциясын Кытайдын Фу Пэну аттуу жаранына таандык Mylin Resource компаниясы сатып алган.
Кыргызстандагы саясий кризис
4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин Кыргызстанда саясий кризис башталган. Кризистин натыйжасында өлкөдөгү бийлик алмашкан. Тарапташтарнын жардамы менен президенттин милдеттерин аткаруучу болуп келген Садыр Жапаров бир нече күндүн ичинде кадрларды алмаштырып, өзүнүн тарапташтарын бир катар кызматтарга дайындаган.
Ал мындан кийин ыйгарым укуктарын тапшырып, шайлоого аттанган. Бир катар талапкерлер Жапаров үгүт маалында шайлоо мыйзамын бузган деп бир нече жолу билдирип келишкен. Мындан тышкары, алар Жапаров админресурс колдонуп жатат деп да айыпташкан.
Жапаров жогорку кызматта отурбаганына карабастан, досу Камчыбек Ташиев УКМКнын башчысы, ал эми үзөңгүлөшү Талант Мамытов президенттин милдетин аткарып келет.
Жапаров өзү премьер-министр жана президенттин милдетин аткаруучу кызматында турганда алтынчы чакырылыштын депутаттары аркылуу башкаруу формасы боюнча референдум демилгелеген.
Жапаров жана бир катар депутаттар референдум менен катары Кыргызстандын Конституциясына өзгөртүү киргизүүнү демилгелешкен.
Бирок, Конституциянын жаңы долбоору талкууга коюлгандан кийин коомчулуктун жана юристтердин сынына кабылган. Юристтердин айтымында, эгер жаңы Конституция кабыл алынса, жаңы президент бардык бийлик бутактарын көзөмөлдөп калат.