«Максим Бакиевдин карызын бергени жатышат». Сегизбаев Жетим-Тоо жана Кытай карызы тууралуу

УКМКнын мурдагы башчысы Абдил Сегизбаев 7-январда КТРКда өткөн дебатта Жетим-Тоо кени 2009-жылы эле сатылганын билдирди.

«Жетим-Тоону булар 2009-жылы сатып жиберишкен. “Арт Майнинг” компаниясына өткөрүп берген экен, ал эми анын ээси — Максим Бакиевдин жардамчысы жана катчысы болгон. Кийин 20 млн долларга Кытай инвесторуна сатып жиберген экен», — деп айтып берди ал.

Расмий маалымат боюнча, кен иштетүү лицензиясы чындыгында эле 2009-жылдын 14-декабрында жогоруда аты аталган фирмага берилген. Анын негиздөөчүсү катары Ульяна Пак менен Денис Гладышев көрсөтүлгөн. Пакты Максим Бакиевдин ишенимдүү адамы дешет. Кийинчерээк фирманын 80% акциясын Кытайдын Фу Пэну аттуу жаранына таандык Mylin Resource компаниясы сатып алган.

Ушундай эле маалыматты буга чейин Өмүрбек Текебаев дагы айткан.

«Кыргызстандагы, керек болсо дүйнөдөгү эң ири кендердин бири Жетим-Тоого лицензияны 2009-жылы Бакиевдер өздөрүнө 300 сомго алып алышкан. Ошол фирманын 80%ын Максим Бакиев кытайлык компанияларга 20 млн долларга сатып жиберет. Өзү болгону 20%ын алып калат. Анан кытайлык компания кенди иштетип баштаганда, 2009-жылы нарындыктар, жетиөгүздүктөр көтөрүлүп чыккан», — дейт ал «Азаттыкка» курган маегинде.

2010-жылдагы революциядан кийин Убактылуу өкмөт лицензияны жокко чыгарганы белгилүү. Инвестор сотко берип, лицензиясын кайтарып алган, кийинчерээк дагы бир нече сот болгон.

Карыздын ордуна кармата салуу

Сегизбаев бийлик кен-байлыкты Кытайга алдырып жиберет деп чочулайт. Ал инвестор Үрүмчүгө руданы кайра иштетүүчү завод куруп, «Максим качан карызды берет» деп күтүп жүргөнүн билдирген.

«Биринчи кезекте Жетим-Тоону “кыргыздын карызын төлөйбүз” деп ошол жакка өткөрүп бергени жатышат. Булар кыргыздын карызын эмес, Максим Бакиевдин карызын бергени жатат», — деп айтты УКМКнын экс-башчысы.

Сегизбаевдин карызды эске салуусуна, атаандашы, президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун 14-ноябрдагы билдирирүүсү себеп болгон. Анда Жапаров Кытайга болгон тышкы карыздан кутулуу үчүн Жетим-Тоонун өзүн эмес, андан казылып алынган чийки затты Кытайга берсек болот деп айткан болчу.

Жапаровдун бул сөздөрүнөн кийин президенттин аппаратына анын айткандарын тактоого туура келди. 17-декабрда президенттин аппаратынан кен жерин Кытайга берүү тууралуу маалыматты чындыкка дал келбейт деп билдиришти.

«Акыркы убактарда айрым бир саясатчылар “Жетим-Тоо темир кени кытай компаниясына берилди, ал компания кенди иштетүү менен катар кийин жерибизди алып коёт” деген чындыкка дал келбеген маалыматтарды тарката баштады. Мындай билдирүүлөрдүн баары жалган жана алардын бир гана максаты — шайлоо алдында өлкөдөгү кырдаалды курчутуу экенин расмий билдирем», — деп айткан президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Нургазы Анаркулов.

Текебаев 2009-жылы кен чыгуучу жер сатылып жаткан убакта Садыр Жапаров Максим Бакиевдин үзөңгүлөшү болгонун билдирген.

«Ошол кездеги Коррупцияга каршы күрөш агенттигинин комиссары Садыр Жапаров үн каткан эмес. Эмне, ал сокур, дүлөй же дудук беле? Макул, Максимди убагында кызматынан, бизнесинен корксун. Бирок Максимдин кеткенине он жыл болду. Жапаров ушул аралыкта бул Кыргызстандагы эң чоң коррупциялык иш болгонун айтып койсо, адилеттүү болмок. Кенди биз көтөрүп жатып алып калганбыз», — деди Өмүрбек Текебаев.

Жетим-Тоо кени Нарын облусунда, Кытай менен чектешкен жерден орун алган. Анда темирдин ири запасы жана алтын бар.