Акыркы суткада коронавирустун жаңы 135 учуру катталды, эки бейтап каза болду

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан 10-январда коронавирустун жаңы 135 учуру катталганын маалымдашты. Ооруга чалдыккандардын 75инде COVID-19 лабораториялык аныкталган, ал эми калган 60ында клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаары — 68;

Чүй облусу — 22;

Ысык-Көл облусу — 21;

Жалал-Абад облусу — 6;

Ош облусу — 8;

Баткен облусу — 5;

Талас облусу — 4;

Нарын облусу — 1.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 82 273кө жетти. Аймактар боюнча коронавирустун эң көп учуру Бишкекте катталды — 27 362. Ал эми Чүй облусунда — 11 818, Ош облусунда — 8 314, Жалал-Абадда — 9 851, Ысык-Көлдө — 7 376, Ош шаарында — 5 534, Баткенде — 7 159, Нарын облусунда — 2 294 жана Талас облусунда — 2 565 учур катталды.

Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 1 220.

Ошондой эле, акыркы суткада 151 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Сакайгандардын эң көбү Бишкек шаарында катталды — 56, Чүй облусунда — 39, Жалал-Абад облусунда — 7, Ош облусунда — 2, Ош шаарында — 2, Баткен облусунда — 7, Ысык-Көл облусунда — 22, Нарын облусунда — 9, Талас облусунда — 2 бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 77 902 бейтап оорудан айыкты. Ооруканаларда 849 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 47 киши өтө оор абалда. Ал эми үй шартында 1 225 киши дарыланып жатат.

Ошондой эле, акыркы суткада Бишкек шаарынан жана Баткен облусунан — бирден COVID-19ду жуктурган бейтап каза болду. Ушуну менен Кыргызстанда илдеттен 1 369 киши көз жумду.

Мындан сырткары, өлкө боюнча Бишкек шаарынан үч медкызматкерден коронавирус аныкталды.  Ал эми бир суткада он медик айыкты.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 4 146га жетти, анын ичинен 4001 медкызматкер илдеттен айыкты.