Чүй: «Клооптун» байкоочуларына сүрөт жана видео тартууга тыюу салынды

Иллюстративдик сүрөт

Чүй облусунун Новопокровка айылындагы «Клооптун» байкоочусу Акылай Усупбаева №7147 шайлоо участогунда бузуу болгонун кабарлады. Анын айтымында, саат 8:22де Аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү байкоочуларга сүрөт жана видео тартууга тыюу салды.

Мыйзамга ылайык — бул чектөө байкоочулардын укуктарын бузуу болуп саналат. Байкоочулар «шайлоочулардын добуш берүүлөрүнүн жашыруундуулугун бузбастан» фото жана видео тартууга, ошондой эле укма жазууну жүзөгө ашырууга укуктуу.

Кыргызстанда 10-январда президенттик шайлоо жана өлкөнүн башкаруу формасын аныктоо үчүн референдум өтүүдө. Өлкө боюнча шайлоо участокторунда «Клооптун» 1500дөн ашуун байкоочусу көзөмөл жүргүзүүдө.