Шайлоо-2021: Шайлоочулардын 26,5%ы гана добуш берди

Саат 16:00гө карата Кыргызстанда шайлоочулардын 26,5%ы добуш берди — президенттик шайлоого 947 614 адам, ал эми референдумга 946 104 адам добуш берди. Эң жигердүүлөрү — Ош шаары, Ысык-Көл жана Нарын облустары.

Салыштыруу үчүн 2020-жылдын 4-октябрында өтүп, жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо бул убакытта шайлоочулардын 36%ы добуш берген болчу.

БШКнын маалыматы боюнча, саат 16:00гө карата чет өлкөдө 7 366 кыргызстандык добуш берген. Ал эми саат 14:30га карата чет өлкөдө жүргөн 4908 адам шайлоого катышкан болчу.

Боршайкомдун буга чейин саат 14:30га карата берген маалыматы боюнча Бишкекте 72 миңден ашуун добуш берген (17,3%), ал эми Ош шаарында 35 миңден ашуун (23,33%) шайлоочу келген. Добуш бергендердин саны боюнча Ош (134 397 адам) жана Жалал-Абад (126 830) облустары алдыда.

Бүгүн, 10-январда, Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо менен мамлекетти башкаруу формасын аныктай турчу референдум өтүүдө. Президенттикке 17 талапкер ат салышууда. Өлкө боюнча шайлоо участкалары жергиликтүү саат 20:00дө жабылат. БШКнын маалыматына ылайык, президенттик шайлоодо жана референдумда 3 563 574 шайлоочу добуш берүү укугуна ээ.