Кыргызстанда президенттик шайлоо жана референдум өтүүдө

Иллюстративдик сүрөт

10-январда Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана өлкөнүн башкаруу формасын тандоо боюнча референдум өтүүдө. Шайлоо участокторуна келген шайлоочуларга эки бюллетень берилет — президентти шайлоо үчүн ак түстө, референдумга добуш берүү үчүн көк түстө.

Өлкө башчы кызматына 17 талапкер ат салышууда. Алар:

  1. Жапаров Садыр Нургожоевич;
  2. Исаев Канатбек Кедейканович;
  3. Арстанбек Мыктыбек;
  4. Сооронкулова Клара Сыргакбековна;
  5. Ташов Имамидин Асамидинович;
  6. Тагаев Рашид Бакирович (ал үгүт иштери жүрүп жатканда талапкерлигин алып салган);
  7. Сегизбаев Абдил Кенешевич;
  8. Мадумаров Адахан Кимсанбаевич;
  9. Касенов Аймен Абдыталипович;
  10. Кочкоров Улукбек Тойчубаевич;
  11. Байгуттиев Женишбек Сейтбекович;
  12. Абакиров Эльдар Курманбекович;
  13. Асанов Курсан Сатарович;
  14. Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевич;
  15. Джеенбеков Равшан Бабырбекович;
  16. Калмаматов Бактыбек Орозалиевич;
  17. Тольбаев Бабыржан Латиханович;
  18. Иманалиев Каныбек Капашович.

Ал эми референдумда шайлоочулар президенттик же парламенттик башкарууга, ошондой эле «баарына каршы» добуш бере алышат.

Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргызстанда 3 563 574 шайлоочу бар экенин маалымдаган. Шайлоочулардын жалпы санынан 50 пайызы президенттик шайлоодо добуш берсе алар өткөн болуп эсептелет. Ал эми референдумга шайлоочулардын болгону 30 пайызы гана керектелет.

Кыргызстандын аймагында жалпысынан 2 474, ал эми чет өлкөлөрдө 48 шайлоо участкалары ачылды. Шайлоо жана референдум эрте мененки саат 8:00до башталып, кечки саат 20:00до бүтөт.

9-январда ден соолугуна байланыштуу шайлоо участкаларына келе албаган шайлоочулар добуш беришкен. БШКнын маалыматына ылайык, алдын ала добуш берүү үчүн 21 360 арыз келип түшкөн.