Коррупцияга шектелип кармалган транспорт министрлигинин статс-катчысы Эрмек Мамыркалиев тагылган айыпты моюндады. 9-январда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан анын баш коргоо чарасы каралып, судья аны үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алды.
Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы маалымдады.
«9-январда Мамыркалиев мамлекеттин кызыкчылыгына келтирилген зыяндын 2, 5 млн сомун өз ыктыяры менен акчалай түрдө төлөп берди», — деп маалымдашты ведомстводон.
Мамыркалиев транспорт министрлигинин статс-катчысы болуп 2019-жылы сентябрда дайындалган.
Ошондой эле, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Финансы полициясы 30га жакын ар кандай кызматтагы аткаминерлерди жазык жоопкерчилигине тарткандыгын кошумчалады. Аталган коррупциялык схема боюнча келтирилген зыян 20 млн сомду түзгөн.
Каржы полициясы жогорудагы сумманын дээрлик бардыгы кайтарылды деп ишендирет.
Транспорт министрлигинин кызматкерлерин кармоо
Финпол 2020-жылдын май айында Бишкек — Ош жолундагы «Сосновка» жана «Кара-Көл» өткөрмө пункттарында коррупциялык схемалар аныкталганын маалымдаган. Бул иш боюнча Бишкек — Ош жолунун мамлекеттик дирекциясынын үч кызматкери кармалып, ал эми мамлекетке келитирилген зыян ондогон миллион сомго бааланган.
Андан соң июнь айында аталган иш боюнча Транспорт жана жол министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн дагы 12 жооптуу кызматкери коррупцияга шектелип кармалган. Анда коррупциялык схемадан келтирилген зыяндын суммасы 20 млн сомдон ашып кетиши мүмкүндүгү кабарланган.
Бул кармоолордон кийин финпол коррупциялык схемага аталган министрликтин жана башка ведомстволордун жогорку кызматтагы адамдарынын тиешеси бар-жогун текшере баштаган.
ТЕМА БОЮНЧА:
Финпол Бишкек — Ош автожолунун директорун жана тоннелдик посттордун башчыларын кармады
Финпол Бишкек — Ош автожолу мамдирекциясынын үч кызматкерин кармады
Транспорт министрлигинин статс-катчысы коррупцияга шектелип кармалды — Финпол