Транспорт министрлигинин статс-катчысы коррупцияга шектелип кармалды — Финпол

Финансы полициясынын басма сөз кызматы Транспорт министрлигинин статс-катчысы Эрмек Мамыркалиев кармалганын маалымдады. Анткен менен мекеменин басма сөз кызматы «Клоопко» кармоонун чоо-жайын кийинчерээк кабарлашаарын айтты.

«Ал коррупцияга шектелип кармалды. Мурдараак аталган факт боюнча министрликтин дагы 30 кызматкери кармалган болчу», — деп кошумчалашты финполдон.

Мамыркалиев Транспорт министрлигинин статс-катчысы болуп 2019-жылы сентябрда дайындалган.

Транспорт министрлигинин кызматкерлерин кармоо

Финпол 2020-жылдын май айында Бишкек — Ош жолундагы «Сосновка» жана «Кара-Көл» өткөрмө пункттарында коррупциялык схемалар аныкталганын маалымдаган. Бул иш боюнча Бишкек — Ош жолунун мамлекеттик дирекциясынын үч кызматкери кармалып, ал эми мамлекетке келитирилген зыян ондогон миллион сомго бааланган.

Андан соң июнь айында аталган иш боюнча Транспорт жана жол министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн дагы 12 жооптуу кызматкери коррупцияга шектелип кармалган. Анда коррупциялык схемадан келтирилген зыяндын суммасы 20 млн сомдон ашып кетиши мүмкүндүгү кабарланган.

Бул кармоолордон кийин финпол коррупциялык схемага аталган министрликтин жана башка ведомстволордун жогорку кызматтагы адамдарынын тиешеси бар-жогун текшере баштаган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Финпол Бишкек — Ош автожолунун директорун жана тоннелдик посттордун башчыларын кармады

Финпол Бишкек — Ош автожолу мамдирекциясынын үч кызматкерин кармады