Садыр Жапаров журналисттерге куугунтук кайсыл учурда болбой турганын айтты

 Президенттик шайлоодо эң көп добуш алган Садыр Жапаров 10-январдагы маалымат жыйынында «Азаттык» радиосунан анын сөздөрүн «бурмалабоосун» суранды. Ал шайлоого чейин «басылма анын сөзүн кыркып алып, элдин оюн бурууга аракет кылды» дейт.

«Шайлоо учурунда көп күбө болдум. Менин сөздөрүмдү кыркып алып туруп, анан өздөрү комментарий берип, башка жакка сүйрөгөнгө, элдин оюн тескери бурганга аракет кылган учурлар болду», — деди ал.

Анткен менен басылманын журналисти Токтосун Шамбетовдун «аталган маалыматка фактыңыз барбы?» деген суроосуна Жапаров так жооп бере алган жок.

Ал эми башка журналисттин «Сын айткан маалымат каражаттарын кысымга албайсызбы?» деген суроосуна ал «эгер калыс жазсаңыздар куугунтук болбойт» деп коркутту.

«Бирок мен сиздерден көптөн-көп суранам. Менин сөзүм болобу же башка саясатчыбы, өкмөт мүчөлөрүбү, сөздөрүн кыркып алып, өзүңөрдүн комментарийиңер менен башка жакка сүйрөбөй, эки тараптуу кылып калыс пикириңиздерди жазып турсаңыздар, анда эч кандай куугунтук да болбойт», — деди ал.

Анткен менен ал «сөз эркиндигин толук коргоого ынтызар экенин айтып, аны коргоого» убада берди.

Бирок буга чейин Жапаров өкмөттү убактылуу жетектеп турганда журналисттерге «силер төртүнчү бийликсиңер, силерден көп нерсе көз каранды, туура маалымат беришиңер керек» деп кайрылып, мемдерге жана карикатураларга каршы эместигин билдирген болчу.

Садыр Жапаров жана «Азаттык»

Жапаров «Азаттык» басылмасына биринчи жолу сын тагып жаткан жок. Буга чейин ал 10-ноябрда Region телеканалына курган маегинде «Азаттык» анын бардык сөздөрүн бурмалап, ошону менен окурмандарга ал тууралуу туура эмес маалымат берип жатканын билдирген.

Ал эми 10-октябрда өткөн басма сөз жыйында «Азаттыктын» журналистинин Жапаровдун тарапташтары тарабынан басым болуп жатканы тууралуу суроосуна жооп берип жатып, журналисттер буга өздөрү күнөөлүү экенин айткан.

«Фактыларды анча-мынча бурмалап берип жатасыңар. Балким ошол үчүн ошентсе [коркутушса] керек. Башка журналисттерге эч кандай кысым болгон жок. Бул [журналисттер] фейк маалыматтарды таратканы үчүн болуп жатат», — деген Жапаров.

Кийинчерээк Кыргызстандагы журналисттер жана көз карандысыз медиа уюмдар Жапаровдун айткандарына тынчсызданышкан — алар Жапаров басма сөз эркиндигине коркунуч жаратып жатат деп эсептешкен.

Ошондой эле, медиа уюмдар Жапаровдун билдирүүсүн кыйла кооптуу жана жоопкерчиликсиз деп атап, Жапаровду «Азаттыктын» журналисттерин сындоону токтотууга жана Кыргызстандагы басма сөз эркиндигин таанууга чакырышкан.