Жапаровдун басма сөз катчысы медиа коомчулуктун сынына жооп берди

Президентин милдетин аткаруучунун басма сөз катчысы Галина Байтерек кыргыз медиа коомчулугунун Садыр Жапаровдун айткандарына карата сынына жооп берди. Мурдараак журналисттер жана медиа уюмдар билдирүү жарыялап, Садыр Жапаровдун «Азаттыкка» карата айыптоосуна тынчсызданышкан.

Ал медиа ресурсту анын сөздөрүн дайыма бурмалоого жана ал тууралуу туура эмес маалымат берүүгө айыптаган. Байтеректин айтымында, Жапаров ЖМКларды керек жана кереги жок деп бөлбөйт, ошондой эле Кыргызстандагы сөз эркиндиги демократия жана социалдык-экономикалык өнүгүү үчүн керек деп эсептейт.

«Ошондуктан айрым медиа уюмдардын кооптонуусу негизсиз. ЖМК бардык темаларды бейтарап чагылдырып, маалыматты коомчулукка объективдүү жеткирип турууга милдеттүү», — деп белгиледи басма сөз катчы.

Ал президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдо кыргыз журналисттерине бир гана талабы бар экенин кошумчалады.

«Президенттин милдетин аткаруучу бир гана нерсеге – сөз эркиндиги менен катар жоопкерчиликтин да болушуна чакырат», — деп жыйынтыктады Галина Байтерек.

Көп өтпөй эле Жапаров 12-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу катары алгачкы басма сөз жыйынын өткөрө турганы маалым болду. Жыйын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын түз эфиринде өтөт.

Садыр Жапаров ЖМКлар тууралуу эмне деген?

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Region телеканалына курган маегинде, «Азаттык» анын бардык сөздөрүн бурмалап, ошону менен окурмандарга ал тууралуу туура эмес маалымат берип жатканын билдирген.

«Акыркы 7-8 жылдан бери “Азаттыкты” тынбай угат элем, бир күнүн калтырбайт элем. Акыркы бир айдан бери уга элекмин. Өткөндө убакыт боло калып, бир сааттык [эфирин] уктум. Абдан катуу сындап жатат. Менин сөздөрүмдүн баарын эптеп-септеп бир жеринен бурмалап алып туруп, башкача ойдо элге жеткирип жатат. Бул туура эмес», — деген Жапаров.

Жапаров аталган басылманын журналисттери аны эфирлеринде жана материалдарында жамандоо менен башка бирөөлөрдүн буйрутмаларын аткарып жатат деп эсептейт.

«Эгерде тигил жактагы кожоюндары буйрутма берип жаткан болсо дагы, бизде отурган “Азаттыктын” кыргыз жигиттери, кыргыз кыздарыбыз кичине ойлонуп, аларга айтып түшүндүрсө болмок: “жок, минтип бурмалап бере албайбыз” деп. Же болбосо мага келип, экинчи тараптын пикирин алып туруп, эки тараптуу кылып берсе жакшы болмок», — деп белгилеген Жапаров.

Буга чейинки маегинде Жапаров президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр болуп дайындалганга чейин ЖМКларга басым кылып, журналисттерди коркутуп-үркүткөн тарапкерлеринин аракеттерин, мындайча айтканда, кубаттагансып койгон.

10-октябрда өткөн басма сөз жыйында «Азаттыктын» журналистинин Жапаровдун тарапташтары тарабынан басым болуп жатканы тууралуу суроосуна жооп берип жатып, журналисттер буга өздөрү күнөөлүү экенин айткан.

«Фактыларды анча-мынча бурмалап берип жатасыңар. Балким ошол үчүн ошентсе [коркутушса] керек. Башка журналисттерге эч кандай кысым болгон жок. Бул [журналисттер] фейк маалыматтарды таратканы үчүн болуп жатат», — деп айткан Жапаров.

Мындан тышкары, саясатчы ЖМКлардагы материалдарга, өзгөчө коомдун көйгөйлөрүнө, коррупцияга байланыштуу материалдарга көңүл бурарын убадалаган.

«Эгер материалдарды жасасаңар, анда биз журналисттерге басым көрсөтүүнүн ордуна чара көрөбүз», — деп белгиледи ал.

Андан кийин ЖМК жана медиа уюмдар кайрылуу жасап, Жапаровдун журналисттердин дарегине сын айтуусунан тынчсызданып жатканын билдиришкен. Медиа коомчулук президенттин милдетин аткаруучуну журналисттердин беделин түшүрүүдөн алыс болууга чакырган.

«Маалыматты бурмалоо боюнча журналисттерди айыптаган билдирүү конкреттүү фактылар менен бекемделген эмес. Бирок, Садыр Жапаровдун тарапкерлеринин социалдык тармактардагы топторунда анын сөзү “Жапаровду же анын командасын сындаган ЖМКга ишенбеш керек” деген сигнал катары чечмеленүүдө. Жапаровдун ЖМКга карата оозеки чабуулу журналисттерди социалдык тармактарда коркутуп-үркүтүүнүн жана куугунтуктоонун бутасына айландырды», — деп айтылат медиа коомчулуктун билдирүүсүндө.