Жарандык көзөмөл комитети маданият министринин отставкасын талап кылууда

Нуржигит Кадырбеков

Жарандык көзөмөл комитети Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбековдун отставкасын талап кылууда. Комитет Кадырбековдун билдирүүлөрү адамдын фундаменталдык укуктары жана эркиндиктерине шек келтирет деп эсептейт.

«Уят сөздөр артисттер жана маданият ишмерлерге карата репрессия жүргүзүүгө негиз болушу мүмкүн эмес — анткени жашы жете элек балдардын адеп-ахлак тарбиясы алардын ата-энеси аткара турган иш, мамлекеттики эмес. Ар бир ата-эне өзүнүн жашы жете элек балдарына камкордук көрсөтүп, артисттердин көрсөтүүлөрүнө чектөө коюуга укуктуу. Буга бардык техникалык мүмкүнчүлүктөр бар», — деп билдирди Жарандык көзөмөл комитети фейсбук баракчасында.

Мындан сырткары комитет Маданият, маалымат жана туризм министрлигин жоюуну сунуштады.

«В п#зду звезду»

Ырчы Курал Чокоев өзүнүн Youtube-каналында «В п#зду звезду» аталышындагы шоу жарылаган. Аталган берүүдө Чокоев жана үч комик башка ырчыларды конокко чакырып, аларды тамашага салышат. Шоуга ырчылардын арасынан Кайрат Примбердиев жана Кайрат Кыргыз барышкан. Бирок алгач көрсөтүү анчейин коомчулуктун көңүлүн бурган эмес.

Бирок көп өтпөй акын-жазуучулар жана социалдык тармактын колдонуучулары «В п#зду звезду» берүүсүн сөгүнгөн сөздөр жана уят тамашалар бар болгону үчүн сынга алышкан. Ошондой эле алар Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен чара көрүүнү талап кылышкан.

Мындан улам Чокоев Инстаграм-баракчасында кайрылуу жасап, конокко келген ырчылардын «кадыр-баркына шек келтирүү» шоунун максаты болгон эмес деп билдирген. Ошондой эле ал берүү улана турганын кошумчалаган. Себеби программа анын жеке Youtube-каналында жарыялангандыктан аны ар бир киши өз ыктыярына жараша көрө алат.

«Көрдүңүздөр, уктуңуздар — өтө хайп болуп жатабыз. Проект башталганда хайып болууну каалаганбыз, бирок мынчалык болуп кетээрин ойлогон эмеспиз. Долбоор “пилотный” болгондуктан катачылыктар көп, аны моюнга алабыз. Сөгүнүү өтө аша чаап кеткен, конструктивдүү критиканы кабыл алып, баарын оңдоого аракет жасайбыз. Бирок “Прожарка” проекти токтобойт, бул улана бермекчи», — деген Чокоев.

Курал Чокоев жана Кайрат Примбердиев

Ал эми шоуга конокко барган Кайрат Примбердиев ал жерде «роль иретинде» гана сөгүнгөнүн билдирип, кечирим элден сураган. Анткен менен ал «элдин ырыскысын тоноп аткан коррупционерлерге, адилетсиз сотторго, аялын кордогон эркектерге да жалпы каршы чыксак жакшы болот эле» деп белгилеген.

Маданият министрлигинин реакциясы

Анын эртеси күнү мадания министрлиги өзүнө караштуу медиаборборлого Курал Чокоев жана анын шоусуна катышкан ырчылардын клиптерин, ырларын жана сөздөрүн чыгарбоого көрсөтмөсүн берген. Мындан сырткары министрлик ушундай сунушту жеке телеканалдарга да жиберүүнү көздөгөн.

Анткен менен «Марал» радиосу Чокоевдин жана «Кыргыз Радиосу» Чокоев менен Примбердиевдин ырларына бойкот жарыялаган.

Ошондой эле маданият министрлиги театралдык-оюн зоок мекемелерине ырчылардын концерттерине тыюу салуу үчүн көрсөтмөлөрдү даярдап жаткан.

«Эки жигиттин бири Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти. Мамлекет башчысына мындай даражалуу наамдан ажыратуу сунушун киргизүү жагын да карап жатабыз. Эгер айыбын тан алып, калкыбыздан кечирим сураса анда кеп башка. Эгерде министрликтин ведомстволук сыйлыктарын алган болсо, атайын буйрук менен жокко чыгарабыз», — деген Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков.

Мындан соң Чокоев «В п#зду звезду» шоусу жабылганын кабарлап, коомчулуктан кечирим сураган.