Акыркы суткада коронавирустун жаңы 136 учуру катталды, үч бейтап каза болду

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан 14-январда коронавирустун жаңы 136 учуру катталганын маалымдашты. Ооруга чалдыккандардын 52синде COVID-19 лабораториялык аныкталган, ал эми калган 84үндө клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаары — 83;

Чүй облусу — 34;

Жалал-Абад облусу — 9;

Ош облусу — 2;

Баткен облусу — 2;

Талас облусу — 1;

Нарын облусу — 5.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 82 723кө жетти. Аймактар боюнча коронавирустун эң көп учуру Бишкекте катталды — 27 625. Ал эми Чүй облусунда — 11 913, Ош облусунда — 8 328, Жалал-Абадда — 9 874, Ысык-Көлдө — 7 401, Ош шаарында — 5 543, Баткенде — 7 166, Нарын облусунда — 2 304 жана Талас облусунда — 2 569 учур катталды.

Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 3 166.

Ошондой эле, акыркы суткада 205 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Сакайгандардын эң көбү Бишкек шаарында катталды — 72, Чүй облусунда — 53, Жалал-Абад облусунда — 6, Ош облусунда — 15, Ош шаарында — 5, Баткен облусунда — 10, Ысык-Көл облусунда — 26, Нарын облусунда — 14, Талас облусунда — 4 бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 78 563 бейтап оорудан айыкты. Ооруканаларда 806 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 41 киши өтө оор абалда. Ал эми үй шартында 1 047 киши дарыланып жатат.

Ошондой эле, акыркы суткада Бишкек шаарынан үч COVID-19ду жуктурган бейтап каза болду. Ушуну менен Кыргызстанда илдеттен 1 378 киши көз жумду.

Мындан сырткары, өлкө боюнча медицина кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган жок. Ал эми бир сутка ичинде алты медик айыкты. Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 4 150гө жетти, анын ичинен 4 040 медкызматкер илдеттен айыкты.