УКМК: Мелис Аспеков Сыймык Жапыкеевге каршы көрсөтмө берген эмес

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети коомдук активист Мелис Аспеков Каржы полициясынын төрагасы Сыймык Жапыкеевге каршы көрсөтмө берген деген маалыматты төгүндөдү.

Жапыкеев өзү Аспеков менен «эч кандай мамилеси жок болгондугун» билдирген.

«Ал [Аспеков] кимден эмнени опузалап жатканын тергөө көрсөтөт. Мындай болгон эмес, ал андай дебейт эле. Жураев ким экенин да такыр билбеймин. Блогер экенин билемин, бир жолу кафеде көрдүм. Жураевдин аты ким экенин да билбеймин», — деди Жапыкеев.

Буга чейин айрым ЖМКлар өздүк булактарына таянып, атайын кызмат тарабынан колго түшкөн Аспеков Сыймык Жапыкеевге 50 миң доллар берген деп көрсөтмө бергенин жазышкан.

Мелис Аспеков блогер Улан Жураев менен биргеликте «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар опузалоого шектелип, УКМК тарабынан 9-январда кармалган. Тергөөнүн версиясы боюнча, шектүүлөр «каржы полиция ишкананы текшерет жана жетекчилигине каршы митинг уюштурулат» деп коркутуп, «Кыргыз темир жолунун» жетекчилеринен акча талап кылышкан.

Биринчи май райондук соту аларды 9-мартка чейин УКМКнын тергөө изоляторуна киргизди.

Мелис Аспеков 30-октябрда президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун Чүй облусу боюнча штабын жетекчиси болгонун айткан. Көп өтпөй «Коом.пресс» басылмасы «Мелис Аспеков спортчуларга 10 миң доллар берди» деген макаланы жарыялаган. Борбордук шайлоо комиссиясынын ыкчам тобу бул окуяны иликтөө үчүн милицияга жана Башкы прокуратурага кайрылган. Мындан кийин аталган макала өчүрүлгөн.

Бул окуядан кийин Жапаровдун ыйгарым укуктуу өкүлү Александр Мощин Аспековдун үстүнөн БШК жана ИИМге кайрылып, ал шайлоо штабынын кызматкери эмес экенин белгилеген.

Садыр Жапаров 10-январдагы шайлоодо добуш берип чыгып, Аспеков спортчуларга үгүт маалында акча бергени айтылгандан кийин териштирүү жүргүзүлүп, ал анын штабына тиешеси жок болуп калганын билдирген.

Ал эми Улан Жураев 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого катышып, «Ата Мекен» партиясынын тизмесинде 18чи болуп турган. Жураев президенттик шайлоодо Жапаровду колдоп, Мелис Аспеков менен чогуу жүргөн.