Финпол: «Ошэлектр» жер менен имаратты 30 млн сомго арзан сатып жибергени аныкталды

Иллюстративдик сүрөт

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы 19-январда «Ошэлектр» ишканасы мамлекеттик бюджетке 30 миллион сомдон ашуун зыян келтиргенин билдирди. Аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

Маалыматка ылайык, аталган ишкананын жооптуу кишилери Маммүлк фонду менен макулдашпай туруп ишкананын мурдагы административдик имаратын жана ага жанаша жайгашкан жер тилкесин 8 миллион сомго сатып жиберишкен.

Имараттын жалпы аянты 619,66 чарчы метрди түзүп, 1665,0 чарчы метр жер тилкесинде жайгашкан болчу. Финполиция маалымдагандай, жер сатуу учурундагы мындай участоктун орточо базар баасы — 1 сотук жер үчүн болжол менен 30 миң АКШ долларын түзгөн.

Натыйжада мамлекетке 30 миллион сомдон ашуун зыян келтирилген.

«Учурда финполиция тарабынан ишкананын жооптуу адамдарын жоопкерчиликке тартууга жана келтирилген акчалай зыяндын ордун толтурууга багытталган тиешелүү иш-чаралар жүрүп жатат», — деп жазылат пресс-релизде.

Ал эми аталган ишкананын басма сөз катчысы Нурлис Токонбаев «Азаттыкка» имарат сатууда мыйзам бузулбаганын, имарат эскиргендиктен мекеме аны сатууга жана жаңы имарат сатып алууга аргасыз болгонун билдирди.

Басма сөз катчынын айтымында, эски имаратты сатуудан түшкөн акчага жаңы имаратты сатып алуудагы жана ремонтко кеткен чыгашаларды жабуу каралган. Чечим ишкананын директорлор кеңеши менен бекитилип, «Улуттук энергохолдингге» жана Маммүлк фондуна да кабар берилген.

«Жер “Ошэлектрге” эмес, жергиликтүү бийликке таандык. Ош шаарынын башкы планына жараша ал жер жашылдандыруу үчүн каралган. Сатуудан түшкөн каражат “Ошэлектрдин” темир, бетон продукцияларын чыгаруучу цехи жайгаша турган 50 сотых жер тилкесин сатып алууга жумшалды», — деп кошумчалады ал.

«Ошэлектр» ачык акционердик коому — Ош, Баткен облустарын жана Ош шаарын электр энергиясы менен камсыздайт. Ал 2001 жылы «Кыргызэнерго» акционердик коому кайра түзүүнүн негизинде «Ошэлектр» ААК деп аталып калган.