Ош: УКМК синтетикалык баңгизат жасоодо колдонулчу 1 тоннадан ашык химиялык затты кармады

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Ош шаарында синтетикалык маңзат жасоо үчүн колдонулган прекурсордун ири өлчөмүн аныктады. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз кызматы билдирди.

*Прекурсор — баңги каражаттарын жана акыл-эске таасир берүүчү заттарды даярдоодо пайдаланылчу химиялык материалдар.

Маалыматка ылайык, 19-январда укук коргоо органдарынын колуна түшкөн унаанын жүк салынуучу бөлүгүнөн маңзат жасоого багытталган 42 ящик суюктук табылган. Анын салмагы бир тоннадан ашат.

«Эксперттин корутундусуна ылайык, алынган суюк зат болжол менен 20-21 пайызды түзгөн "Аммиак суусунун" эритмеси болуп саналат», — деп берилет УКМКнын билдирүүсүндө.

Бул окуя боюнча «Прекурсорлорду мыйзамсыз даярдоо» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш ачылып, жүктүн ээси УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Өкмөттүн 2007-жылдын 9-ноябрындагы №543 токтомунун (№3 тиркеме) негизинде, «аммиак суусу» амфетамин, амфетамин түрүндөгү стимуляторлорду жана башка психотроптук заттарды мыйзамсыз өндүрүүдө колдонулат жана атайын эл аралык жана улуттук көзөмөлгө алынуучу заттардын чектелген тизмесине киргизилген.