БШК президенттикке ат салышкан талапкерлердин жетөөсүнүн күрөөсүн кайтарат

Иллюстративдик сүрөт

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке ат салышкан жети талапкерге 1 млн сомдук шайлоо күрөөсүн кайтарып берет. Бул тууралуу БШК 20-январда кабарлады.

Мыйзамга ылайык, 1 млн сомдук күрөө президенттик шайлоодо 1%дан ашуун добуш алган талапкерлерге кайтырылат — 18 талапкердин ичинен жетөө бул чектен ашкан. Алар:

1. Садыр Жапаров – 79,20%;

2. Адахан Мадумаров – 6,79%;

3. Бабур Төлбаев – 2,36%;

4. Мыктыбек Арстанбек – 1,69%;

5. Абдил Сегизбаев - 1,46%;

6. Имамидин Ташов – 1,17%;

7. Клара Сооронкулова – 1%.

Алгач президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген 21 талапкер 21 млн сом шайлоо күрөөсүн төгүшкөн. Алардын ичинен Кубан Чороев, Кубанычбек Токтосунов жана Кубанычбек Исабеков БШК тарабынан катталбай калгандыктан аларга 1 млн сомдон кайтарылган.

Ал эми талапкер Рашид Тагаев анын аты шайлоо бюллетенге кирип калгандан кийин талапкерлигин алып салганына байланыштуу анын күрөөсү кайтарылбайт.

Кыргызстанда президенттик шайлоо жана өлкөнүн башкаруу формасын аныктоо үчүн референдум 10-январда өткөн. БШКнын маалыматына ылайык, шайлоого 39,75%, ал эми референдумга 39,88% шайлоочу катышкан.

Ал эми 20-январда Боршайком Садыр Жапаровду президенттик шайлоодо жеңгенин расмий жарыялады — анын инаугурациясы 28-январда өткөрүлөт. Мындан сырткары шайлоочулардын 81,49%ы референдумда президенттик башкаруу формасын тандашты.