Жапаровдун инаугурациясы 28-январда филармонияда өтөт

Президенттик шайлоодо жеңишке жеткен талапкер Садыр Жапаровдун инаугурациясы 28-январда өтөт. Бул тууралуу «Клоопко» президенттин аппаратынын маалымат кызматынын жетекчиси Нургазы Анаркулов маалымдады.

Анын айтымында, төш белги жана штандарт тапшыруу аземи Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өтөт.

«Бүгүн уюштуруу комитети түзүлүүдө. Инаугурацияга байланыштуу маселелердин бардыгын комитет чечет. Иш-чарага даярдануунун алкагында эпидемиологиялык кырдаал дагы эске алынат. Коноктор COVID-19га ПЧР анализ тапшырууга милдеттендирилиши мүмкүн», — деди Анаркулов.

Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы 10-январда өткөн кезексиз президенттик шайлоонун жыйынтыгы бекитилгенин кабарлаган.

Ага ылайык, талапкер Садыр Жапаров шайлоочулардын 79,2% добушуна ээ болгон.

«Жапаров Садыр Нургожоевичке Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланганы тууралуу ырастама, айырмачылык белгилери – Кыргыз Республикасынын Президентинин төш белгиси жана фамилиясы, аты, атасынын аты, ыйгарым укуктарынын мөөнөтү чегилип жазылган Штандарты (туусу) тапшырылсын», – деп билдирген БШК.

2021-жылдын 10-январында өткөн кезексиз президенттик шайлоо 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгынан кийинки саясий кризистин кесепети. Анда өлкөдөгү башаламандыктардын шартында барымтага алуу беренеси боюнча соттолуп, 10 жылга эркинен ажыратылган саясатчы Садыр Жапаров колониядан бошотулган.

Садыр Жапаров тарапташтарынын колдоосу аркылуу кыска аралыкта премьер-министр, андан соң президенттин милдетин аткаруучу болгон. Жапаров бийликке келгенден кийин бир катар кадрдык алмашууларды ишке ашырган.

УКМКнын башчылыгына үзөңгүлөшү Камчыбек Ташиевди дайындаган. Ал эми дагы бир жакын досу Талант Мамытов Жогорку Кеңештин төрагасы, кийин президенттин милдетин аткаруучу болгон.

Кадрдык алмашуулардан тышкары, Жапаров башкаруу формасын аныктоо жана Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөрүүнү демилгелегендердин бири. Бул демилгелер коомчулук жана юристтер тарабынан дароо сынга алынган.

Ага карабай, башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум 10-январда – кезексиз президенттик шайлоо менен бир күндө болуп өткөн. БШКнын акыркы берген маалыматы боюнча, көпчүлүк шайлоочулар президенттик башкаруу формасы үчүн добуш берген.