USAID Pfizer вакцинасы үчүн муздаткыч жана шприцтерди берет — ССМ

АКШнын эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги Кыргызстандын бийлигине америкалык Pfizer компаниясынын жана германиялык BioNTech фирмасынын COVID-19га каршы вакциналарын сактоо үчүн атайын муздаткычтарды берет. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев парламенттин отурумунда билдирди.

Глобалдык COVAX альянсынын алкагында Кыргызстанга Pfizer вакцинасынын 1 млн 200 миң дозасы акысыз бөлүнгөн. Бирок, Саламаттык сактоо министрлиги буга чейин өлкөдө аларды сактоо үчүн муздаткычтар жок экенин билдирген. Вакцина -70⁰ температурада сакталышы керек.

«Канча муздаткыч жана канча 0,3 мл шприцтер керек экенин эсептеп бердик. Алар бизге 1,2 млн дозага акысыз беришет. Биз алар менен сүйлөштүк. Июнь айына бул муздаткычтар келип калат», — деп министр билдирди.

Ал кошумчалагандай, 1,2 млн доза Кыргызстандын калкы үчүн жетишсиз, ошондуктан бийлик мындан тышкары Орусиянын «Спутник V» вакцинасына тапшырык берген.

«Президенттин м.а. Талант Мамытов вакцинанын 500 миң дозасын акысыз жөнөтүү өтүнүчү менен Орусиянын президенти Владимир Путинге кат жолдоду. Калган эсептөөлөрдү Каржы министрлигине жөнөттүк», — деди Бейшеналиев.

COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын башчысы жана вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева кыргызстандыктарды эмдөө улуттук коопсуздук маселеси болуп саналарын билдирди. Ошондуктан ага артыкчылык берилет жана бийлик «буга акча табат» деп ишендирди.

Туура эмес маалымат кетип калды

Сурабалдиеванын айтымында, саламаттык сактоо министри Pfizer вакцинасынан баш тартуу боюнча «туура эмес маалымат берип алгандыктан» коомдо тынчсыздануу орун алган.

«Чынында, биринчи сунуш боюнча 15 миң жаран үчүн 30 миң доза гана келген. Ошондо Саламаттык сактоо министрлиги 15 миң калкка жетчү вакцина үчүн -70⁰ температураны кармаган муздаткычтарды сатып алуунун кереги барбы деген сөз болгон. Ошондо 2 млн доллар деген сан чыккан», — деп түшүндүрүп берди Сурабалдиева.

Ал Pfizerден тышкары COVAXтын демилгеси менен өлкөгө келе турган 8 дагы вакцина бар экенин кошумчалады. Анын айтымында, алардын температуралык режими америкалык вакцинага караганда «бир топ төмөн».

Сурабалдиеванын айтымында, Кыргызстанга москванын «Спутник V» эмес, Новосибирсктеги «Вектор» борборунан «ЭпиВак Корона» вакцинасынын бир түрү алынып келет.

Республикалык штабдын башчысы жеке уюмдарга дагы коронавируска каршы вакцинаны алып келүүгө мүмкүнчүлүк бериш керек деп эсептейт.

«Кыргызстандыктар эмдөөдөн өз эрки менен өтө алышы үчүн клиникалык сыноолордун бардык фазаларынан өткөн жана ДССУ тарабынан жактырылган вакциналарды гана алып келебиз», — деп Сурабалдиева сөзүн жыйынтыктады.

COVAX — вакциналарды сатып алуу жана өндүрүү боюнча борборлоштурулган демилге. Бул программа боюнча экономикасы төмөн жана орто өнүккөн өлкөлөргө вакциналарды алып келүү үчүн анын бир бөлүгүн донорлор каржылап берет.