Жүргүнчү ташыган фирмалар маршруттук таксинин тарифин 20 сомго көтөрүүнү талап кылууда — мэрия

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы 22-январда кабарлагандай, муниципалитет жүргүнчү ташуучу жеке фирмалардын жетекчилери менен маршруттук таксилердеги жол кире тарифин этабы менен көтөрүү маселесин талкуулады.

Мэриядан жүргүнчү ташуучу компаниялар тарифти 19-20 сомго чейин көтөрүү талабын койгонун белгилешти.

Мэрдин м.а. Балбак Түлөбаев маршруттук таксиде жол кирени 15 сомго чейин, ал эми автобус жана троллейбустарда убакытка карабастан 10 сомго көтөрүүнү сунуштады. Пенсионер жана кичинекей балдар 8 сомдон төлөйт.

Мындан тышкары, борбор калаанын транспорттук системасында реформа жүргүзүү үчүн мэриянын алдында транспорттук саясат боюнча кеңеш түзүлмөй болду

Бишкек мэринин м.а. Балбак Түлбөбаев 19-январда маршруттук таксилердин иш таштаган айдоочулары менен жолуккан. Анда айдоочулар кызмат акысы жети жылдан бери өзгөрбөгөндүктөн, жүргүнчүлөр үчүн жол акысын 15 сомго көтөрүүнү талап кылышкан.

Балбак Түлөбаев жол акысы 15 сомго чейин көтөрүлөрүн, себеби айдоочулар «бардыгын түшүндүрүп», шаар башчысына акыны көтөрүш керектигин далилдеп беришкенин билдирген.

«Алар [айдоочулар] күйүүчү май, унаа тетиктери канчага кымбаттаганын жана башка көйгөйлөрдү санап беришти. Пенсионерлер менен мектеп окуучулары үчүн жеңилдетилген тарифти калтыруу пландалууда», – деп түшүндүргөн Түлөбаев айдоочулар менен жолугушуп чыккандан кийин журналисттерге.

Анын айтымында, маршруттук таксилердеги тарифти жогорулатуу тартибин ишке ашырууга болжол менен үч ай убакыт керектелет.

Бирок, жүргүнчү ташуучу фирмалар транспорттогу шарттар жакшырарына кепилдик бербейт. Андан сырткары орундуктарга карап жүргүнчү алуу, унаанын ичи-тышын таза кармоо тууралуу сөз да болгон эмес.

Айдоочулардын иш ташташы

Түлөбаев жана Шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчилиги буга чейин иш таштаган жүргүнчүлөрдү ташуучу компаниялардын лицензиясын кайтарып алуу маселеси каралат деп билдиришкен.

Түлөбаев тынчтык жолу менен нааразычылыгын билдирген айдоочулар жазаланбай турганын айткан.

«Кечээ линияга чыкпай койгондор боюнча, бул алардын жарандык укугу. Жазалоо болбойт. Бирок эшиктерди талкалап, айнектерди сындыргандар… Бишкек ШИИБге ошолорду таап, мыйзам боюнча жоопко тартуу тапшырмасын бердим», – деген ал.

Бирок шейшемби күнү, 20-январда, маршруттук таксилердин айдоочулары кадимки режимде ишке чыкпаса, ордуна бат эле башкалары табыла турганын билдирген.

«Эгерде эртең ишке чыкпасаңар, мен шаардагы болгон маршруттук унааларды чакыртып, шаардыктарды ташытам. Бул коркутуу эмес. Мен аскер адамдарына, жеке фирмаларга кайрылам», – деп убадалаган Түлөбаев.

Бишкекте жол кирени кымбаттатуу

Маршруттук таксилердин айдоочулары үч жылдан бери жол кирени көтөрүү талабын коюп келишет. Айдоочулар 2018-жылдын апрель айында да жумуштагы чыгымдар көп болуп жатканын айтып, иш ташташкан. Ошондо алар жүргүнчүлөрдүн камсыздандыруусу жок болгону үчүн салына турчу айыппул тууралуу мыйзамга каршы чыгышкан.

Бишкектин инфраструктурасы шаардын бардык аймагына троллейстарды жүргүзүүгө жол бербейт. Ошондой эле, бийлик жүргүнчүлөр агымын камсыздоо үчүн керектүү сандагы автобус жана троллейбустарды жүргүзө албайт.

Ошол себептен, маршруттук таксилер шаар тургундары үчүн көп колдонула турган транспортко айланган. Анын үстүнө, Бишкектин айланасындагы жаңы конуштардын тургундары шаарга маршруттук такси менен гана барып келе алышат.