Балбак Түлөбаевдин иш таштаган айдоочулар менен жолугушуусунда кандай чечим кабыл алынды?

Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев эки күндөн бери ишке чыкпай, нааразычылыгын билдирген маршруттук таксилердин айдоочулары менен жолугушкан.

Алар бардык нерсе кымбаттаганын, ал эми алардын кызматы үчүн тариф 7 жылдан бери өзгөрбөгөнүн айтып, жол кирени 15 сомго чейин көтөрүүнү талап кылып жатышат.

Маршруттук таксилердин жол киреси кымбаттайбы?

«Алар [айдоочулар] күйүүчү май, унаа тетиктери канчага кымбаттаганын жана башка көйгөйлөрдү санап беришти. Пенсионерлер менен мектеп окуучулары үчүн жеңилдетилген тарифти калтыруу пландалууда», – деп түшүндүргөн Түлөбаев айдоочулар менен жолугушуп чыккандан кийин журналисттерге.

Бирок, жүргүнчүлөрдү ташуучулар транспорттогу шарттар жакшырарына кепилдик бербейт. Андан сырткары орундуктарга карап жүргүнчү алуу, унаанын ичи-тышын таза кармоо тууралуу сөз да болгон эмес.

Маршруттук такси үчүн жаңы тариф качан иштеп баштайт?

Түлөбаев жолугушуунун эртеси күнү эле жол кире тарифин көтөрүү тууралуу Экономика министрлигине кат жолдоону убадалаган.

«Ал жакта атайын жумушчу топ түзүлөт, долбоор жөнгө салуучу таасир анализинен өтүүсү керек, андан соң гана бизге келип түшөт [мэрияга]. Биз Бишкек шаардык кеңешине алып чыгабыз», – деп билдирген шаар башчысынын милдетин аткаруучу.

Анын айтымында, маршруттук таксилердеги тарифти жогорулатуу тартибин ишке ашырууга болжол менен үч ай убакыт керектелет.

Автобус жана троллейбустардагы жол кире дагы кымбаттайбы?

Бул суроого калаа башчысы так жооп айта алган жок.

«Ойлонуп жатабыз, сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз, талдайбыз, андан кийин кабарлайбыз», – деген Балбак Түлөбаев.

Иш таштаган айдоочулар эмне болот?

Түлөбаев жана Шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчилиги буга чейин иш таштаган жүргүнчүлөрдү ташуучу компаниялардын лицензиясын кайтарып алуу маселеси каралат деп билдиришкен. Азыр болсо, Түлөбаев тынчтык жолу менен нааразычылыгын билдирген айдоочулар жазаланбай турганын айтты.

«Кечээ линияга чыкпай койгондор боюнча, бул алардын жарандык укугу. Жазалоо болбойт. Бирок эшиктерди талкалап, айнектерди сындыргандар… Бишкек ШИИБге ошолорду таап, мыйзам боюнча жоопко тартуу тапшырмасын бердим», – деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Бирок шейшемби күнү, 20-январда, маршруттук таксилердин айдоочулары кадимки режимде ишке чыкпаса, ордуна бат эле башкалары табыла турганын айткан.

«Эгерде эртең ишке чыкпасаңар, мен шаардагы болгон маршруттук унааларды чакыртып, шаардыктарды ташытам. Бул коркутуу эмес. Мен аскер адамдарына, жеке фирмаларга кайрылам», – деп убадалады Түлөбаев.

Бишкекте жол кирени кымбаттатуу

Маршруттук таксилердин айдоочулары үч жылдан бери жол кирени көтөрүү талабын коюп келишет. Айдоочулар 2018-жылдын апрель айында да жумуштагы чыгымдар көп болуп жатканын айтып, иш ташташкан. Ошондо алар жүргүнчүлөрдүн камсыздандыруусу жок болгону үчүн салына турчу айыппул тууралуу мыйзамга каршы чыгышкан.

Бишкектин инфраструктурасы шаардын бардык аймагына троллейстарды жүргүзүүгө жол бербейт. Ошондой эле, бийлик жүргүнчүлөр агымын камсыздоо үчүн керектүү сандагы автобус жана троллейбустарды жүргүзө албайт.

Ошол себептен, маршруттук таксилер шаар тургундары үчүн көп колдонула турган транспортко айланган. Анын үстүнө, Бишкектин айланасындагы жаңы конуштардын тургундары шаарга маршруттук такси менен гана барып келе алышат.