Жапаровдун инаугурациясы жупуну жана жол жабуусуз өтөт — президенттик аппарат

Президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Садыр Жапаров инаугурациясына кетчү чыгымдарды кыскартып, ашыкча шаан-шөкөтсүз өткөрүүнү чечти. Бул тууралуу президенттик аппараттын башчысы Нургазы Анаркулов «Клооптун» кабарчысына маалымдады. Буга чейин Жапаровдун кызматка киришүү салтанатына жок эле дегенде 10 млн сом коротулары айтылган.

«Ал инуагурацияны жупуну өткөрүүнү чечти: жолдорду жаппай, ашыкча каражат коротпой. Ал эл кыйналып жатканда мындай нерселер кереги жок деп айтты. Ушуга жараша, азыр [аземдин] сценарийи өзгөртүлүп жатат», — деп айтып берди Анаркулов.

Президенттин маалымат кызматынын башчысы уюштуруучулар жаңы сметаны бүгүн карашат деди. Анын айтымында, смета «кыйла» кыскартылат, себеби «элдин талабына жооп бериш үчүн» иш-чара болушунча жупуну өтүшү керек.

Анаркулов инаугурациянын меймандары коронавирустун бар-жогуна алдын ала ПЧР-тест тапшырышы керектигин кошумчалады. Бирок уюштуруучулар азыр жеринде тест алуунун жолун ойлонуштуруп жатат.

«Уюштуруу комитети элди кыйнабаш үчүн тесттерди өзү даярдайт болушу керек, анткени ПЧР-тест кымбат турат. Коноктордун көбү — 70-80% — жөнөкөй эл, жөнөкөй шайлоочулар. Алардын мүмкүнчүлүгү жок, ошондуктан бул маселени чечип жатабыз», — деди Анаркулов.

Президенттик шайлоодо жеңишке жеткен талапкер Садыр Жапаровдун инаугурациясы 28-январда өтөт. Төш белги жана штандарт тапшыруу аземи Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өтөт.

Иш-чарага даярдануудан улам Бишкектин борбордук көчөлөрүндө жол тыгындары көбөйүп, бул шаар тургундарынын нааразылыгын жараткан. Кийинчерээк Патрулдук милициядан Жапаровдун инаугурациясына ушинтип даярдык көрүлүп жатат деп түшүндүрүшкөн.

Ведомстводон айрым көчөлөр кийинки күндөрү дагы тосуларын кошумчалап, шаардыктар жана Бишкектин коноктору кыймылын пландап алышы үчүн жолдорду жабуунун графигин жарыялоону убада кылышкан.