«Акыркы көч» Бангладештеги кинофестивалда мыкты тасма деп табылды

Маданият министрлигинин басма сөз кызматы «Акыркы көч» кыргыз тасмасы Бангладеште өткөн «Dhaka International Film Festival» 19-кинофестивалында мыкты кинокартина деп табылганын маалымдады.

«Акыркы көч» фильми — бул «Кыргызфильм» киностудиясы менен «Билимкана» коомдун фондунун бирге жараткан эмгеги. Тасманын режиссёрлору Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулу.

Фильмдин сюжети башкы каарман Кубат Алиевдин айланасында жүрөт. Ал пенсия курактагы чыгаан жазуучу. Кубат күндөрдүн биринде жазуучу досу Сапар катуу ооруп калганын билип, досун дарылатуу үчүн батирин сатууну чечет. Бирок ал арада Кубаттын инисин карыздары үчүн сабап кетишет. Ошентип Кубат оор тандоого тушугат — бир тууган инисине же досуна жардам берүү.

«Dhaka International Film Festival» фестивалы жыл сайын 1977-жылдан бери өткөрүлүп келет, бул ирет фестиваль оффлайн өткөн.